2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга КР БШК төрагаларынын орун басарлары Л. Лурова жана Р. Жакышов, БШКнын мүчөсү М. Темирбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева катышып, иш-чараны биргеликте өткөрүштү.
Жолугушууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана облустагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү да катышты.
Л. Лурова катышуучуларга облуста шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал календардык планда белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурду.
Р. Жакышов шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жаңыланган шайлоо технологиялары тууралуу маалымат берди.
Ал эми майыптыгы бар шайлоочулардын жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси М. Темирбаева шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды тааныштырды.


.jpeg)
.jpeg)