Башкы Жаңылыктар КР Борбордук шайлоо комиссиясы журналисттер үчүн конкурс жарыялады

КР Борбордук шайлоо комиссиясы журналисттер үчүн конкурс жарыялады

29-Июл, 2019

КР Борбордук  шайлоо комиссиясы шайлоо укугунун жана процессинин, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуунун актуалдуу маселелерин, шайлоо тутумун реформалоонун натыйжаларын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын (жигердүү жана пассивдүү) шайлоо укуктарын ишке ашырууну, Кыргыз Республикасындагы шайлоолордо пайдаланылуучу жол-жоболорду жана технологияларды, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-басылмаларда мыкты чагылдыргандык үчүн конкурс жарыялады.

Конкурстун башкы максаты жарандардын шайлоо укугунун жана процессинин маселелери жөнүндө кабардар болуусун жана түшүнүүсүн жогорулатуу; шайлоо тематикасын чагылдырууга ЖМКларды жана интернет-басылмаларды тартуу; ошондой эле ЖМКлардын жана интернет-басылмалардын жарандарды шайлоо институту, шайлоо тутумун реформалоонун натыйжалары жөнүндө кабарландырууга,  жарандардын шайлоо өнөктүктөрүнө катышууга кызыгуусун арттырууга багытталган материалдарынын сапатын жакшыртуу; шайлоо институттарына коомдун ишенимин жогорулатуу; шайлоочулар менен талапкерлердин ортосундагы байланыштыруучу түйүн катары жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жана интернет-басылмалардын ролун алга жылдыруу; шайлоо комиссияларынын тутуму менен өз ара аракеттешүүгө ЖМКларды жана интернет-басылмаларды тартуу болуп саналат.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын редакциялары, айрым авторлору жана/же автордук жамааттары  конкурстун катышуучулары боло алат.

Берилген материалдар (басма сөздөгү жарыялоолор, телесюжеттер, жана интернет-басылмалардын билдирүүлөрү, радиоберүүлөр ж.б.)

2019-жылдын 26-июлунан 26-октябрына чейинки мезгилде жарыяланган же обого чыккан болууга тийиш.

Конкурстук комиссия 2019-жылдын 4-ноябрына чейин конкурстун жыйынтыктарын чыгарат жана ыйгарылуучу сыйлыктардын санына жараша  Конкурстун жеңүүчүлөрүн ачык добуш берүү менен аныктайт.

Конкурска материалдар 2019-жылдын 25-октябрына чейин 720049, Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50 дареги боюнча кабыл алынат. Почта аркылуу жана электрондук жөнөтүүлөр “КОНКУРС-ЖМК” деген белгини камтууга тийиш.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>