Миңбаев Дөөлөтбек Бодонович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

06 августа 2019

2019-жылы 6-августта КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 24-июлда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Миңбаев Дөөлөтбек Бодоновичти Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок. 

Миңбаев Дөөлөтбек Бодонович

1978-жылы 8-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылында туулган.

Билими жогорку. Ош Мамлекеттик Университетин биология адистиги боюнча (диплом №07982) бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2000-2019 жж. – Б.Миӊбаев атындагы орто мектеп, биология мугалими

2016-2019 жж. – Кара-Суу айылдык кеӊеш, депутат

Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 6 баласы бар.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Миңбаев Дөөлөтбек Бодоновичтин соттуулугу жок.

Аксы аймактык шайлоо комиссиясына Кара-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү