​​​​​​​Кыргыз Республикасынан барган эл аралык байкоочулар Украинанын Жогорку Радасынын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышты

25 июля 2019

Украина БШКсынын сайтындагы маалымат боюнча 25-июлга карата абал боюнча 21-июлда өткөн парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун 99,76%дан ашыгы иштелип чыкты. Алдын ала жыйынтыктар боюнча талапкерлердин арасында “Эл кызматчысы” партиясы шайлоочулардын 43,17% добушун алып, алдыда баратат, “Оппозициялык платформа – Жашоо үчүн” партиясы үчүн шайлоочулардын 13,02%ы, “Батькивщина” партиясы үчүн – 8,18%ы, “Европа шериктештиги” партиясы үчүн – 8,11%ы добуш берди, ал эми “Добуш” (“Голос”)  5,83% алды.

Кыргыз Республикасынын БШКсы менен Украина БШКсынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун алкагында Кыргыз Республикасынан барган КР БШКнын мүчөлөрү А. Асаналиев  жана Г. Баатырова Жогорку Раданын депутаттарын кезексиз шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты.

Украина БШКсынын маалыматтары боюнча шайлоочулардын шайлоого келүүсү 49,84%ды түздү. Добуш берүүгө 14,7 миллиондон ашык шайлоочу катышты.

Шайлоо аралаш тутум (депутаттардын жарымы пропорциялык, экинчи жарымы – мажоритардык тутум боюнча шайланат) каралган колдонуудагы мыйзамдар боюнча өттү. Мындан тышкары, Жогорку Радага шайлоо беш пайыздык босогодон өтүүгө тийиш болгон жабык партиялык тизме боюнча өтүүдө.

Жалпы мамлекеттик көп мандаттуу шайлоо округунда добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенине 22 саясий партия жана блоктор киргизилди, 199 бир мандаттуу шайлоо округунда 65 партиянын өкүлү болгон дээрлик 6 миң талапкер катталган.

Украинанын шайлоо мыйзамдарына ылайык БШК кезексиз парламенттик шайлоонун натыйжаларын  добуш берүү күнүнөн тартып 15 күндүн ичинде жарыялайт.

Украинанын Президенти В. Зеленский ал инаугурация болгон күнү мурдагы парламентти таркатып, Жогорку Радага кезексиз шайлоону үстүбүздөгү жылдын 20-майына дайындаганын эске сала кетебиз.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү