КР БШК жергиликтүү кеңештердин тогуз депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
17 июля 2019
2019-жылы 17-июлда КР БШК Кара-Буура, Ала-Бука, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Кара-Суу, Сузак, Араван жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Талас облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:
Чомотоев Канат (Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Эшимбеков Ильяска өткөрүп берилди.
Асылбеков Нургазы (Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Усупбеков Нургаазыга өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:
Эгембердиев Жыргалбек (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №4, Жалал-Абад шаардык кеңеш). Мандат Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен саясий партиянын тизмесиндеги №11 талапкер Ирсалиев Арапбайга өткөрүп берилди.
Кочкорбаев Батырбек (Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Рысымбетов Бакайга өткөрүп берилди.
Курбанов Темур (Сузак районунун С. Атабеков айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Акматалиев Заирбекке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:
Мансурова Чолпон (“Табылга” фракциясы, №3, Чолпон-Ата шаардык кеңеш). Мандат Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен саясий партиянын тизмесиндеги №9 талапкер Каратаев Азатка өткөрүп берилди.
Ош облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:
Асанов Сапарбек (Кара-Суу районунун Мадый айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Калбаев Анарбайга өткөрүп берилди.
Орозбаев Мирланбек (Араван районунун Төө-Моюн айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Темирбаев Рыскулга өткөрүп берилди.
Баткен облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:
Анаров Саатбек (Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Каракашов Имамалиге өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
