Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 8.12.2025 №1524 № 26 көп мандаттуу шайлоо округу …

8.12.2025 №1524 № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер: Э.К. Абакиров, Г.Д. Бейшенбаева, А.А. Исаеванын № 26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы чечимине карата арыздары жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер: Э.К. Абакиров, Г.Д. Бейшенбаева, А.А. Исаеванын № 26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы чечимине карата арыздары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 5-декабрында № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер: Э.К. Абакиров, Г.Д. Бейшенбаева жана А.А. Исаевден №26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 1 “№ 7028, № 7029, № 7030 шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө” чечимине арыздар келип түшкөн.

Арыз ээлери айкындалган шайлоо мыйзамдарын бузуулар (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) текшерүү материалдарында аты-жөнү көрсөтүлгөн конкреттүү талапкерге гана тиешелүү экенин көрсөтүшүп, № 26 округдук шайлоо комиссиясынын чечимин кайра карап чыгууну жана көрсөтүлгөн шайлоо участокторундагы добуштарын калыбына келтирүүнү суранышкан.

2025-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болду, ага Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы         Зикиралиев У.С. жана арыз ээлери чакырылып, угулду.

Жумушчу топ талапкерлердин арыздарын канааттандыруудан баш тартууну сунуштады, анткени № 26 округдук шайлоо комиссиясынын чечими шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган жана каралган жол-жоболорду сактоо менен компетенттүү органдар тарабынан аныкталган мыйзам бузуулардын белгиленген фактыларына негизделген.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 36-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Талапкерлер Э.К. Абакиров, Г.Д. Бейшенбаева, А.А. Исаевдин №26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы №1 чечимине карата арыздарын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                            Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 8-декабры

№ 1524