03.06.26 №77 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясы жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 6, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясы (мындан ары – Эсептөө комиссиясы) төмөнкүдөй курамда шайлансын:
– Айбалаев Алмаз Маматович – Эсептөө комиссиянын төрагасы;
– Оторбаев Тимур Абдыкеримович – Эсептөө комиссиянын катчысы;
– Темирбаева Миргул Омурзаковна – Эсептөө комиссиянын мүчөсү.
2. Эсептөө комиссиясынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 1 протоколу бекитилсин.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
Төрагалык кылуучу Б.А. Мамырова
Бишкек ш., 2026-жылдын 3-июну
№77
