Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 27.11.2025 №1473 № 2 көп мандаттуу шайлоо округу …

27.11.2025 №1473 № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атажанов Ырысбек Ысламовичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атажанов Ырысбек Ысламовичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө

 

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 26-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары – конституциалык Мыйзам) белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.

Социалдык тармактарда жарыяланган сүрөт жана видеоматериалдарга ылайык № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атажанов Ырысбек Ысламовичтин кызыкчылыгында таркатылып жаткан маалымат шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузары аныкталды.

1. Материалдарга ылайык, «Instagram» социалдык тармагындагы «yrysbek.atajanov» аттуу колдонуучунун баракчасында (https://www.instagram.com/yrysbek.atajanov/) талапкер мечиттин аймагында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп жатканы чагылдырылган үгүт видеоматериалы жарыяланган.

Конституциялык мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык сыйынуу имараттарынын ичинде жана жанында үгүт иш-чараларын өткөрүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.

2. «WhatsApp» мессенджеринде жайылтылган жарыяланган фотоматериалдарга ылайык Бирлик айыл аймагынын Эшме айылына кире бериштеги аркага талапкердин үгүт баннери орнотулгандыгы аныкталды.

Конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар эстеликтерге, обелисктерге жана имараттарга үгүт материалдарын жайгаштырууга тыюу салынат.

3. Материалдарга ылайык «Instagram» социалдык тармагындагы «yrysbek.atajanov» аттуу колдонуучунун баракчасында (https://www.instagram.com/yrysbek.atajanov/) талапкер Майдан айылынын тургундары үчүн социалдык объектилерди, ошондой эле башка жакшылыктарды курууга убада берип, келишимге кол коюп жатканы чагылдырылган үгүт видеоматериалы жарыяланган.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүндө шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, акча каражаттарын төлөөгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга тыюу салынары белгиленген.

Жумушчу топтун 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 47 чечими менен № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атажанов Ырысбек Ысламовичке карата:

- конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүн бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып пул салуу түрүндөгү жоопкерчилик чарасын колдонуу;

- конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 4-бөлүгүн бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып пул салуу түрүндөгү жоопкерчилик чарасын колдонуу;

- конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүн бузгандыгы үчүн, ошондой эле бир нече жолку бузуулары үчүн эскертүү берүү сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27, 28-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 142, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 47 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атажанов Ырысбек Ысламовичке карата административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп:

- конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүн бузгандыгы үчүн 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу;

- конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 4-бөлүгүн бузгандыгы үчүн 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүн бузгандыгы, ошондой эле бир нече жолку бузуулары үчүн № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атажанов Ырысбек Ысламовичке эскертүү берилсин.

3. № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атажанов Ырысбек Ысламович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө маалымдалсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 27-ноябры

№ 1473