Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 06.11.2025 №1135 Пусуров Нурланбек Давлетакуновичти № 9 көп …

06.11.2025 №1135 Пусуров Нурланбек Давлетакуновичти № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Пусуров Нурланбек Давлетакуновичти № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө

 

2025-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Пусуров Нурланбек Давлетакуновичтен № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 30-октябрындагы КПҮ №8/145 маалымкатына ылайык Пусуров Нурланбек Давлетакунович 2011-жылдан 2019-жылга чейин уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), ошондой эле куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо тургандыгы аныкталган.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментине суроо-талап жиберилген, аталган ыйгарым укуктуу органдын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 48 КПҮ келип түшкөн маалымкатына ылайык Пусуров Нурланбек Давлетакуновичке берилген Ош мамлекеттик университетинин 2000-жылдын 25-июнунда № CD 200062362 жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин аныктыгы тастыкталган жок.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык: эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга) же куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же мурда турган болсо, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.

2025-жылдын 6-ноябрында талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму өткөрүлүп, ага Пусуров Нурланбек Давлетакунович чакырылып, угулду.

Жумушчу топтун Пусуров Нурланбек Давлетакуновичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлган мыйзамдагы талаптарга ылайык келбестиги аныктаган жана аны талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө сунуш Борбордук шайлоо комиссиясына киргизилген.

Жогоруда айтылгандарды, ошондой эле Жумушчу топтун 2025-жылдын 6-ноябрындагы Пусуров Нурланбек Давлетакуновичти № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушун эске алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүн, 61-беренесинин 11-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Пусуров Нурланбек Давлетакуновичти № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартылсын.
  2. Бул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинде жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий веб-сайтында жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

         Төрага                                                                                                                    Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жыл 6-ноябры

№ 1135