03.06.26 №78 Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө

 

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

  1. Төмөндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин каттоосу жокко чыгарылсын:
  • № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Темирбаева Миргул Омурзаковнанын;
  • № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Мамырова Бөдөш Аманбаевнанын;
  • № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жакышов Русланбек Шергазиевичтин;
  • № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Лурова Лейла Хияновнанын.
  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү чечимдери күчүн жоготту деп таанылсын:
  • 2025-жылдын 17-октябрындагы № 214 “Темирбаева Миргул Омурзаковнаны № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө”;
  • 2025-жылдын 30-октябрындагы № 689 “Мамырова Бөдөш Аманбаевнаны № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө”;
  • 2025-жылдын 22-октябрындагы № 340 “Жакышов Русланбек Шергазиевичти № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө”;
  • 2025-жылдын 22-октябрындагы № 322 “Ынтымак” саясий партиясы көрсөткөн Лурова Лейла Хияновнаны № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө”.
  1. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  2. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

      Төрага                                                                                                                         Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 3-июну № 78