№12

2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодогу шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун жана жыйынды таблицасынын формаларын бекитүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

  1. 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодогу шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун жана жыйынды таблицасынын формалары 1, 2, 3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
  2. Тийиштүү шайлоо комиссиялары №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда ушул токтом менен бекитилген протоколдордун жана жыйынды таблицанын формаларын жетекчиликке алышсын.
  3. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун формалары атайын форматтагы корголгон кагазда даярдалсын.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).
  5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

        Төрага                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 11-февралы

№12