30.12.2025 №201 Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссиясынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

  1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

«Ынтымак» саясий партиясынан Дуванаева Мээрим Камалдиновна, «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынан Кабылова Минавархан Авазовна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нышанов Кубанычбек Калдарович берген арыздарына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Исмаилов Расулбек Камилжанович, Мамадалиев Нурсултан Төлөгөнович жана Бурканов Уланычбек Арапбаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Ушул токтом Эркин-Тоо мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 30-декабры

№ 201