№3

2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11, 22-беренелерине, “№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 196 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 15-августундагы 57 токтому менен бекитилген Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. 2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар 1-тиркемеге ылайык аккредитациялансын:

– 16 (он алты) жалпыга маалымдоо каражаты (анын ичинде мезгилдүү басылмалар – 1, телекөрсөтүү – 9, радио – 3);

3 (үч) интернет-басылмасы.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында эфир убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалымат 2-тиркемеге ылайык жайгаштырылсын.

3. Ушул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери, арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                 А. Жупуева

 

Бишкек ш., 12-январь 2026-жыл

№ 3