№27

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.К. Акаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 65 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акаев Жанарбек Кубанычович Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэри болуп дайындалганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 5-бөлүгүнүн 6-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акаев Жанарбек Кубанычовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акаев Жанарбек Кубанычовичтин ырастамасы жараксыз деп таанылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 19-февралы

№ 27