№200

№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуучу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 6-бөлүгүн жана 42-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 196 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр банк мекемелери болуп аныкталсын:
  1. “Элдик Банк” ачык акционердик коому жана “Айыл Банк” ачык акционердик коому 2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуучу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн;
  2. ушул токтомдун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн банк мекемелеринин мобилдик тиркемелери талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрдү жүргүзүү үчүн.
  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын көзөмөлдөө-текшерүү жана аудиттик иш сектору ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
  2. Ушул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Б.А. Конуровго жүктөлсүн.

 

     Төрага                                                                                                                 Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 30-декабры

№ 200