№199

2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кетчү чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 196 «№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтомуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 14-беренелерин, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кетчү чыгымдардын сметасы 18 507 000 (он сегиз миллион беш жүз жети миң) сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде:

1) шайлоо комиссияларынын 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды жүзөгө ашыруусу үчүн каражаттарды кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасы 2-тиркемеге ылайык;

2) төмөн турган шайлоо комиссияларынын 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кетчү чыгымдарынын сметасы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландаштыруу, эсепке алуу, отчёттуулук бөлүмү:

1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен өз ара иштешип, № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылоону уюштурсун, бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын №13 округдук шайлоо комиссиясына бекитилген сметага ылайык бөлүштүрүүнү камсыз кылсын;

         2) шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана тартылган жарандарды бекитилген сметага ылайык накталай эмес формада “Элдик Банк” ААК жана “Айыл Банк” ААКнын банктык мекемелери аркылуу финансылык жактан камсыз кылууну уюштурсун жана бул каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоону камсыз кылсын.

         3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Контролдоо-текшерүү тобу № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырсын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине,   Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

         6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Б.А. Конуровго жүктөлсүн. 

 

Төрага                                                                                                                                                             Т. Шайназаров

             

Бишкек ш., 2026-жылдын 30-декабры

№ 199