№195

Бишкек, Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Баткен, Токтогул, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө төмөнкү чечимдер келип түштү:

  1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:

.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 17 Бишкек шаардык кеңеши боюнча;

.Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 10 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңеши боюнча;

.Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-декабрындагы №22 Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңеши боюнча;

.Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы №12 Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңеши боюнча;

.Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы №7 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;

.Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-декабрындагы № 16 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылдык кеңеши боюнча:

.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №6 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айылдык кеңештери боюнча;

.Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-декабрындагы №7 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча.

2) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айылдык кеңешинин депутаты каза болгондугуна байланыштуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15 жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечими.

3).Катталган талапкерди жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер;

.Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы № 12 Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңеши боюнча;

.Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы № 7 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;

.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы № 6 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айылдык кеңеши боюнча.

4).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

.Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы № 13 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айылдык кеңеши боюнча;

.Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 10 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңеши боюнча;

.Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 22 Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңеши боюнча;

.Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-декабрындагы № 16 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун
Жети-Өгүз айылдык
кеңеши боюнча;

.Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айылдык кеңеши боюнча;

.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы № 6 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айылдык кеңештери боюнча.

5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер.

.Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы № 7 Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;

.Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 8 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдерин бекитет.

Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр:

.Бишкек, Ысык-Ата, Москва, Баткен, Токтогул, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

.Баткен, Токтогул жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;

.Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Токтогул, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттардын депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2..1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3..Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Токтогул, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Каракол аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

        

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 22-декабры

№ 195