№194

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча 29 округдук шайлоо комиссиясынын курамдарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2025-жылдын 3-октябрындагы №90 токтому менен 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо  жана өткөрүү мезгилине 30 округдук шайлоо комиссиясынын курамдары түзүлдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы №162, 2025-жылдын 7-декабрындагы № 164, № 165, № 166, № 167, № 168, № 169, № 170, № 171, № 172, № 173, № 174 жана № 175, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 176, № 177, № 178, № 179, № 180, № 181, № 182, № 183,         № 184, № 185, № 186, № 187, № 188, № 189, № 190 жана № 191 токтомдору менен көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча 2025-жылдын 30-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы №161 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжасы анык эмес деп таанылды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык «Округдук шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча токтотулат».

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине түзүлгөн 29 округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары тиркемеге ылайык токтотулсун.

2. Ушул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 22 -декабры

№ 194