№19

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 51 токтому менен бекитилген “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси кабыл алынгандыгына жана ага Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 51 токтому менен бекитилген “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө жобону шайкеш келтирүү зарылдыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесин жетекчиликке алып, “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 51 токтому менен бекитилген “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 2-пункттагы “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Электрондук колтамга жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси” деген сөздөрү менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 16-февралы

№19