№186

12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№ 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 92 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 154 553  шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 60 623 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 39,22% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 55 768 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 36,08% түздү.

4 855 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 3,14% түздү.

№ 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 18 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 18 талапкер катышты.

№ 12 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Кайыпов Сулайман Турдуевич – 1 135 добуш (1,91%);

2. Карабекова Кызжибек Советовна – 833 добуш (1,40%);

3. Жусупова Зайнапхан Балтабаевна – 254 добуш (0,43%);

4. Энназаров Санжарбек Арзыкулович – 1 113 добуш (1,87%);

5. Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна – 2 517 добуш (4,23%);

6. Жалилова Гүльназ Тажибаевна – 1 653 добуш (2,78%);

7. Омошев Эрмекбай Алянович – 2 563 добуш (4,31%);

8. Маматов Бакытбек Самаганович – 5 238 добуш (8,80%);

9. Эрматов Нурдин Манапович – 2 179 добуш (3,66%);

10. Койчуманова Нуркан Кадыровна – 786 добуш (1,32%);

11. Акбаев Авазбек Абдирахманович – 2 199 добуш (3,69%);

12. Рахман Медер – 1 202 добуш (2,02%);

13. Султанова Роза Ажимаматовна – 339 добуш (0,57%);

14. Камбарова Гулмира Бекеновна – 564 добуш (0,95%);

15. Тиллебаев Темирбек Кыргызбаевич – 4 085 добуш (6,86%);

16. Масабиров Талайбек Айтмаматович – 9 945 добуш (16,71%);

17. Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич – 5 898 добуш (9,91%);

18. Чолпонбай уулу Бекмырза – 16 335 добуш (27,44%);

19. “Баарына каршы”  – 686 добуш (1,15%).

№ 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 3 арыз (даттануу) келип түштү. Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/).

№ 12 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы №12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Чолпонбай уулу Бекмырза;

- Масабиров Талайбек Айтмаматович;

- Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 8-декабры

№ 186