№18

2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо катталган талапкерлердин шайлоо төгүмдөрү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 15 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 196 «№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтомун жокко чыгаруу тууралуу» токтомуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. 2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо катталган талапкерлердин шайлоо төгүмдөрү тиркемеге ылайык кайтарылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Б.А. Конуровго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                Т. Шайназаров

 

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 16-февралы

№ 18