№151

Баткен шаарындагы № 9801 аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 131-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы №41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобонун 5-главасын жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Баткен облусунун Баткен шаарындагы 86017 аскер бөлүгүнүн Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын имаратында жайгашкан № 9801 аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогунун дареги С. Садыков көчөсү, 96дан И. Жусупов көчөсү, 11ге Баткен мамлекеттик университетинин имаратына өзгөртүлсүн. 2. Тийиштүү округдук шайлоо комиссиясы Баткен шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоочулар арасында аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогунун дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. 3. Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4.. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.  

Төрага                                                                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 21-ноябры

№ 151

 

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ