№150

Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Атырау шаарындагы № 9063 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы №13-025/23978 сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 48 токтому менен бекитилген Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобого ылайык, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2 жана 13-1-беренелерин жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

  1. Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Атырау шаарындагы Маданият үйүнүн имаратында жайгашкан № 9063 шайлоо участогунун дареги Шайхы Абишева көчөсү, 97Адан Бейбарыс Султан проспекти, 3кө “Дина” базарынын аймагындагы административдик имаратка өзгөртүлсүн.
  2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги №24 округдук шайлоо комиссиясы менен биргеликте Казакстан Республикасынын Атырау облусунда жашаган шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
  3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана № 24 округдук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5..Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 21-ноябры

№ 150

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ