№14

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы №161 токтому жөнүндө

 

2026-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) дарегине 2025-жылдын 30-ноябрындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер - А. Алтынбековдон, А.А. Карабековадан, Т.Т. Мамытовдон жамааттык арыз келип түштү, анда арыз ээлери кылмыш ишинин материалдары менен аныкталган жаңыдан ачылган жагдайларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 161 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө» токтомун кайра карап чыгууну өтүнүштү.

Ошондой эле арызда талапкер Б.У. Сыдыковго карата гана айкындалган бузуулардын мыйзамда каралган укуктук кесепеттерин колдонуу, калган талапкерлерге берилген добуштарды жарактуу деп таануу, ошондой эле № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону таануу жөнүндө маселени кароо тууралуу өтүнүч камтылган.

Аталган арызды ар тараптуу, толук жана калыс кароо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы арызда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине расмий суроо-талап жөнөттү.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан 2026-жылдын 13-февралында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын № 03-072-2025-000178 кылмыш иши боюнча маалыматы берилген, ага ылайык:

«2025-жылдын 30-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү, № 13 көп мандаттуу шайлоо округунун Сай-Бою участкасында жайгашкан № 2410 шайлоо участогунда мыйзамсыз орнотулган видеокөзөмөл аппараты – сырткы аккумуляторго туташтырылган жана шайлоочуларды идентификациялоо зонасын көздөй багытталган «iPhone 13 Pro Max» уюлдук телефону аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жабдуу депутаттыкка талапкер Б.У. Сыдыковдун тарапташтары тарабынан орнотулганы аныкталды».

Тергөө тарабынан №13 көп мандаттуу округунун курамына кирген 35 шайлоо участогунун 20сында ушул сыяктуу фактылар орун алгандыгы аныкталды. Шайлоо участокторунда талапкер Б.У. Сыдыковдун тарапташтары штативдерге уюлдук телефондорду орнотуп, добуш берүү процессин видеого тартып алышкан.

Көрсөтүлгөн фактылар боюнча 2025-жылдын 6-декабрында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренесинде (шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар жана талапкер Б. Сыдыковдун ишенимдүү адамдары жана башкалар суралып, шайлоо күнү тартылган расмий видеоматериалдар изилденген.

Тергөө тарабынан талапкер Б. Сыдыков шайлоочуларды идентификациялоо процессин видеого тартуу максатында Кочкор-Ата шаарындагы ресторандардын биринде уюлдук телефондорду, штативдерди жана кубаттоочу түзүлүштөрдү таратып бергени, алар кийинчерээк анын тарапташтары тарабынан шайлоо участкаларына орнотулганы аныкталган.

Бул факт боюнча эки жаранга - 1995-жылы туулган Т.К.А. жана 1955-жылы туулган К.М.Ж. карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, аларга айып угузулду.

Келип түшкөн арызды, ошондой эле укук коргоо органдарынын кошумча маалыматтарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөргө келди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы ошол учурдагы материалдардын жана маалыматтардын негизинде 2025-жылдын 3-декабрында № 161 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө» токтомун кабыл алган, анда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча 35 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир эткен жана № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоого мүмкүндүк бербеген бузуулар болгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылган.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 37-беренесинин ченемдерине ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таануу, эгерде жол берилген бузуулар: добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасир эткен же таасир этиши мүмкүн болсо, шайлоочулардын эрк-ниетин анык аныктоого мүмкүндүк бербесе, жол берилет.

Берилген материалдарды талдоонун жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоого тоскоолдук жараткан эмес жана депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдө таасир эткен эмес.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген материалдарда талапкер Б.У. Сыдыковдун аракеттери округдун масштабында добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого алып келген же шайлоонун анык жыйынтыгын аныктоого мүмкүн болбогондугу жөнүндө маалыматтар жок.

Демек, жалпы округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүүчү кесепеттерди колдонуу үчүн укуктук негиздер жок.

Көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар округ боюнча жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этпейт, бирок талапкер Б.У. Сыдыковго карата жеке укуктук кесепеттерди колдонууга негиз болуп саналат.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгарууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын 2025-жылдын 30-ноябрындагы №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 160 344 жаран киргизилген, алардын ичинен 76 721 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул 47,85 %ды түзгөн. Көп мандаттуу округ боюнча талапкер Б.У. Сыдыков үчүн 19 294 шайлоочу добуш берген.

Шайлоо процессинин мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктары бар, мурда кабыл алынган актылардын укуктук кесепеттерин баалоо үчүн маанилүү болгон жаңы юридикалык маанилүү жагдайлар аныкталган учурда өз чечимдерин кайра карап чыгууга укуктуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрындагы №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышкан калган 57427 шайлоочунун конституциялык укуктарын камсыз кылуу жана коргоо максатында 2025-жылдын 3-декабрындагы №161 мурда кабыл алынган токтомун кайра карап чыгууну зарыл деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнө таянып, Борбордук шайлоо комиссиясы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Б.У. Сыдыков талапкери боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу зарыл деген тыянакка келди жана ага берилген 19 294 бюллетендеги добуштар жараксыз шайлоо бюллетендерине кошулсун.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 37, 64-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы №161 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө» токтому жокко чыгарылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү деп таанылсын.
  3. Талапкер Б.У. Сыдыковго берилген шайлоочулардын добуштары жараксыз деп табылсын жана тиешелүү шайлоо бюллетендери жараксыз шайлоо бюллетендерине кошулсун.
  4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.
  5. 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Алтынбеков Айбек;

- Мамытов Талант Турдумаматович;

- Карабекова Айгүл Асановна.

  1. Бул токтомду Эркин-Тоо мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

         Төрага                                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 13-февралы

№ 14