Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2026-жылдын 18-ноябрындагы № 13-025/26786 сунушунун, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-ноябрындагы № 13 чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2 жана 13-1-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн 74 шайлоо участогу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын түзсүн жана бекитсин, аларды түзүүдө мурдагы шайлоолордо жана референдумдарда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын эске алсын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана
Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Л. Х. Луровага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 20-ноябры
№ 138