Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 131-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлсүн:
- № 5248 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Төлөйкөн айыл аймагы, Дыйкан-Кыштак айылы, Уста-Халил көчөсү, 1а, “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын имараты дарегинен Ош шаары, Төлөйкөн айыл аймагы, Дыйкан-Кыштак айылы, Амир-Темир көчөсү, 21, А.С. Пушкин атындагы № 21 орто мектептин имараты дарегине;
- № 5550 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Төлөйкөн айыл аймагы, Жапалак айылы, Т. Умарбаев көчөсү, 1, Төлөйкөн айыл аймагынын маданият үйүнүн имараты дарегинен Ош шаары, Төлөйкөн айыл аймагы, Жапалак айылы, М. Курбаналиев көчөсү, 2, “Акылай” балдар бакчасынын имараты дарегине;
2) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 3-тиркемесинде:
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлсүн:
- № 2097 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Манас шаары, М. Бабкин көчөсү, 52, балдар көркөм сүрөт окуу мектебинин имараты дарегинен Манас шаары, Эркиндик көчөсү, 51, № 4 орто мектептин имараты дарегине;
- № 2461 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Ж. Исманов көчөсү, 4, спорт мектебинин имараты дарегинен Манас шаары, Ж. Исманов көчөсү, 8, № 23 орто мектептин имараты дарегине;
3) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркемесинде:
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлсүн:
- № 5180 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Кара-Суу району, Ынтымак айыл аймагы, Правда айылы, Т. Айдаров көчөсү, 89, Б. Абдрахманов атындагы орто мектептин имараты дарегинен Ынтымак айыл аймагы, Правда айылы, А. Абдилов көчөсү, 5, эски мектептин имараты дарегине;
- № 5601 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Кара-Суу району, Ынтымак айыл аймагы, Правда айылы, Т. Айдаров көчөсү, 89, Б. Абдырахманов атындагы орто мектептин имараты дарегинен Ынтымак айыл аймагы, Правда айылы, Т. Эргешов көчөсү, 55, эски мектептин имараты дарегине;
4) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемесинде:
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлсүн:
- № 3086 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Түп району, Ысык-Көл айыл аймагы, Тогуз-Булак айылы, Ленин көчөсү, 39, Ж. Асаналиев атындагы орто мектептин эски имараты дарегинен Ысык-Көл айыл аймагы, Тогуз-Булак айылы, Ключевая көчөсү, 32, Ж. Асаналиев атындагы орто мектептин жаңы имараты дарегине;
№ 3088 шайлоо участогунун дареги Ысык-Көл облусу, Түп району, Ысык-Көл айыл аймагы, Ынтымак айылы, Ленин көчөсү, 34, № 31 Ынтымак орто мектебинин эски имараты дарегинен Ысык-Көл айыл аймагы, Ынтымак айылы, Ысык-Көл көчөсү, 20а, К. Карасаев атындагы № 31 Ынтымак орто мектебинин жаңы имараты дарегине;
2. Ош, Манас шаардык, Кара-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына киргизилген өзгөртүүлөр, анын ичинде тиешелүү шайлоо участокторунун чек аралары жана даректери өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 6-ноябры
№ 132