Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 131-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлсүн:
№ 8096 шайлоо участогунун дареги Баткен облусу, Баткен району, Алтын-Бешик айыл аймагы, Таян айылы, Борбордук көчөсү, 1, Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн имараты дарегинен Алтын-Бешик айыл аймагы, Таян айылы, Мектеп көчөсү, 1, Таян орто мектебинин имараты дарегине;
- № 8083 шайлоо участогунун дареги Баткен облусу, Баткен району, Алтын-Бешик айыл аймагы, Кайыңды айылы, Рахманов көчөсү, 2, айылдык клубдун имараты дарегинен Алтын-Бешик айыл аймагы, Кайыңды айылы, Ак-Кайың көчөсү, 64, Ж. Турусбеков атындагы орто мектептин имараты дарегине;
2) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлсүн:
- № 5569 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Ноокат району, Н. Исанов айыл аймагы, Жаңы-Базар айылы, Н. Исанов көчөсү, 34, Н. Исанов айыл өкмөтүнүн имараты дарегинен Н. Исанов айыл аймагы, Жаңы-Базар айылы, А. Ажимуратов көчөсү, 2, М. Ломоносов атындагы орто мектептин имараты дарегине;
- № 5167 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Чоң-Алай району, Кашка-Суу айыл аймагы, Кашка-Суу айылы, Өзгөрүш көчөсү, 3/1, Эсенкелди уулу Максатбек атындагы орто мектептин имараты дарегинен Кашка-Суу айыл аймагы, Кашка-Суу айылы, Д. Очубеков көчөсү, 9, Эсенкелди уулу Максатбек атындагы орто мектептин спорт залынын имараты дарегине;
3) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 3-тиркемесинде:
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлсүн:
№ 2002 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Сузак району, Кара-Дарыя айыл аймагы, Арал айылы, Ж. Тороев көчөсү, 20, М. Маткеримов атындагы орто мектептин имараты дарегинен Кара-Дарыя айыл аймагы, Арал айылы, Арал көчөсү, 177, муниципалдык башкармалыктын имараты дарегине;
№ 2003 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Сузак району, Кара-Дарыя айыл аймагы, Арал айылы, О. Камбаров көчөсү, 5, А. Абдукаимов атындагы орто мектептин имараты дарегинен Кара-Дарыя айыл аймагы, Арал айылы, К. Закиров көчөсү, 3, Кара-Дарыя балдар- өспүрүмдөр спорт мектебинин имараты дарегине;
№ 2125 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Сузак району, С. Атабеков айыл аймагы, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 101, Б. Шамшиев атындагы № 4 орто мектептин имараты дарегинен С. Атабеков айыл аймагы, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 114, дарегинде жайгашкан маданият үйүнүн имараты дарегине;
№ 2343 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Аксы району, Ак-Суу айыл аймагы, Ак-Суу айылы, С. Добулбеков көчөсү, 4, А. Осмонбеков атындагы орто мектептин имараты дарегинен Ак-Суу айыл аймагы, Ак-Суу айылы, Б. Мусабаев көчөсү, 12, О. Асанов атындагы маданият үйүнүн имараты дарегине;
№ 2225 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Токтогул шаары, Кызыл-Туу кичи району, Мүлкүбат көчөсү, 30, Мүлкүбат атындагы орто мектептин имараты дарегинен Токтогул району, Токтогул шаары, Мажин көчөсү, 4, Н. Биримкулов атындагы орто мектептин имараты дарегине;
№ 2419 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Токтогул шаары, Арал кичи району, Касым көчөсү, 7, Т. Тешебаев атындагы орто мектептин эски имараты дарегинен Токтогул району, Токтогул шаары, Арал кичи району, Д. Ченкилов көчөсү, 5, Т. Тешебаев атындагы орто мектептин жаңы имараты дарегине;
№ 2256 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Кара-Көл шаары, Кетмен-Төбө айылы, Шамшыкал көчөсү, 5, “Байчечекей” бала бакчасынын имараты дарегинен Кара-Көл шаары, Кетмен-Төбө айылы, Шамшыкал көчөсү, 5в, “Коомдук алдын алуу борбору” имараты дарегине;
Төмөнкү имараттардын аталыштары өзгөртүлсүн:
№ 2260 шайлоо участогу боюнча Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Какелеев көчөсү, 5/2, жайгашкан А.С. Пушкин атындагы орто мектептин № 12 катар саны № 9 катар санына;
№ 2262 шайлоо участогу боюнча Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма кичи районунун Долбоорлонуучу көчөсү, 31, жайгашкан М. Темирбаев атындагы орто мектебинин № 11 катар саны № 8 катар санына;
4) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемесинде:
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлсүн:
№ 7115 шайлоо участогунун дареги Чүй облусу, Кант шаары, Ленин көчөсү, 47, К. Рыскулов атындагы № 2 орто мектептин имараты дарегинен Кант шаары, Ленин көчөсү, 45, № 1 бала бакчасынын имараты дарегине;
№ 7044 шайлоо участогунун дареги Чүй облусу, Чүй району, С. Ибраимов айыл аймагы, Кошой айылы, Ленин көчөсү, 43, маданият үйүнүн имараты дарегинен С. Ибраимов айыл аймагы, Кошой айылы, Ленин көчөсү, 41, Кошой айылындагы орто мектептин имараты дарегине;
5) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 6-тиркемесинде, № 4162 шайлоо участогунун дареги Нарын облусу, Кочкор району, Сары-Булак айыл аймагы, Ак-Кыя айылы, К. Супабаев көчөсү, 16/1, маданият үйүнүн имараты дарегинен Сары-Булак айыл аймагы, Ак-Кыя айылы, А. Кыдырмаев көчөсү, 6/2, Ү. Бейшеев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлсүн.
2. Баткен, Ноокат, Чоң-Алай, Сузак, Аксы, Токтогул, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кант, Чүй жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына киргизилген өзгөртүүлөр, анын ичинде тиешелүү шайлоо участокторунун чек аралары жана даректери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 6-ноябры
№ 131