Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы №715-VIII “Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 6-бөлүгүнө жана 54-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
“Элдик Банк” ААК жана “АБанк” ААК 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин жана саясий партиялардан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин жана саясий партиялардан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине ыктыярдуу кайрымдуулуктарды которуу үчүн банк мекемелеринин мобилдик тиркемелеринин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Көзөмөлдөө-текшерүү жана аудиттик иш сектору ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси А. М. Айбалаевге жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 25-сентябры, № 107