2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы №715-VIII токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 14-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Чыгымдардын сметасы 1 200 000 000 (Бир миллиард эки жүз миллион) сом суммасында тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландаштыруу, эсепке алуу жана отчёттуулук бөлүмү бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык каржылоону жүргүзсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Л. Х. Луровага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек шаары, 2026-жылдын 25-сентябры
№ 106