Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 131-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлсүн:
- № 5067 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Баш-Дөбө айыл аймагы, Кашка-Терек айылы, М. Карагулов көчөсү, 30, Кашка-Терек айылынын чайханасынын имараты дарегинен Баш-Дөбө айыл аймагы, Кашка-Терек айылы, А. Алимканов көчөсү, 1, К. Кулматов атындагы орто мектептин имараты дарегине;
- № 5068 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Баш-Дөбө айыл аймагы, Кызыл-Кырман айылы, М. Темиров көчөсү, 11, спорт залынын имараты дарегинен Баш-Дөбө айыл аймагы, Кызыл-Кырман айылы, М. Темиров көчөсү, 1, М. Базаркулов атындагы № 43 орто мектептин имараты дарегине;
- № 5069 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Баш-Дөбө айыл аймагы, Кеңеш айылы, К. Иметов көчөсү, 2, спорт залынын имараты дарегинен Баш-Дөбө айыл аймагы, Кеңеш айылы, К. Иметов көчөсү, 1, “Майрамкан апа” балдар бакчасынын имараты дарегине;
- № 5042 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Октябрь айыл аймагы, Эски-Покровка айылы, О. Акматов көчөсү, 10, К. Ташиев атындагы № 62 лицейдин имараты дарегинен Кызыл-Октябрь айыл аймагы, Эски-Покровка айылы, К. Сайпидинов көчөсү, 42, Б. Шамшиев атындагы маданият үйүнүн имараты дарегине;
- № 5581 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Салам-Алик айыл аймагы, Карчабек айылы, А. Нурматов көчөсү, 1, ФАПтын имараты дарегинен, Салам-Алик айыл аймагы, Карчабек айылы, Т. Кушбаков көчөсү, н/ж, Карчабек негизги билим берүү мектебинин имараты дарегине.
2) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлсүн:
- № 8031 шайлоо участогунун дареги Баткен облусу, Лейлек району, Тогуз-Булак айыл аймагы, Кара-Булак айылы, Лейлек-70 көчөсү, 12/7, маданият үйүнүн имараты дарегинен Тогуз-Булак айыл аймагы, Кара-Булак айылы, Кара-Бий көчөсү, 6, Кара-Булак жалпы билим берүү мектебинин имараты дарегине;
- № 8033 шайлоо участогунун дареги Баткен облусу, Лейлек району, Тогуз-Булак айыл аймагы, Айбике айылы, Азиреткул көчөсү, 8/1, маалымат борборунун имараты дарегинен Тогуз-Булак айыл аймагы, Айбике айылы, Абдураут көчөсү, 23, Маданият билим берүү мектебинин имараты дарегине.
3. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Салам-Алик айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү менен биргеликте, Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында № 5067, 5068, 5069, 5042, 5581, 8031, 8033 шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө, анын ичинде тиешелүү шайлоо участокторунун чек аралары жана жайгашкан жерлери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 23-сентябры
№ 104