Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2026-жылдын 28-июлу № 138 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
1) 1-бөлүмдө:
а) 1-пункттагы биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу, ошондой эле алардын резервин түзүү, жүргүзүү тартибин аныктайт.”;
б) 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы);”;
в) мамлекеттик тилдеги 2-пункттун 3-пунктчасындагы “участоктук” деген сөз “участкалык” деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүмдө:
а) мамлекеттик тилдеги бөлүмдүн аталышындагы жана текстиндеги “участоктук” деген сөз “участкалык” деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 13-пункттун 7-пунктчасы “комиссиянын мүчөсү” деген сөздөрдөн кийин “, ал аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан округдук шайлоо комиссиясынын курамына кирген аймактык шайлоо комиссиясын кошпогондо” деген сөздөр менен толукталсын.
в) 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“19. Шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө ар бир протоколго (№ 4, 5 формалар) талапкер тууралуу толук маалыматтар (фамилиясы, аты-жөнү, туулган датасы, билими, негизги иши же кызмат орду, ээлеген кызмат орду (негизги иши же кызмат орду болбогон учурда – ишинин түрү), жашаган жеринин дареги, кызматтык жана үй телефонунун номери, шайлоо комиссияларынын ишине катышкандыгы жөнүндө маалымат), “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенме алуу менен тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз (№ 1 форма), саясий партияларда мүчөлүгү жок экендиги жөнүндө декларация (№ 2 форма), жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук (№ 3 форма) тиркелүүгө тийиш.”;
г) 25-пункттагы экинчи абзац алып салынсын;
3) 2-1-бөлүмдүн 35-2-пунктундагы “12” деген сан “11” деген санга алмаштырылсын;
4) 4-бөлүмдүн 44-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколго талапкерлердин толук маалыматтары (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, билими, негизги иштеген жери же ээлеген кызмат орду (негизги иштеген жери жок болгон учурда – ишинин түрү), жашаган жеринин дареги, кызматтык жана үй телефондору, шайлоо комиссияларынын ишине катышкандыгы жөнүндө маалымат), “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенме алуу менен тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз (№ 1 форма), саясий партияларда мүчөлүгү жок экендиги жөнүндө декларация (№ 2 форма), жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук (№ 3 форма) дагы тиркелүүгө тийиш. Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протокол бардык тиркемелери менен тиешелүү жергиликтүү кеңештин кароосуна жиберилет.”;
5) жогоруда көрсөтүлгөн Жобого тиркемелер тиркемеге ылайык жаңы редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 23-сентябры
№103