№48

Бишкек, Баткен, Аксы, Токтогул, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Чүй, Ысык-Ата, Кочкор, Талас жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:

1) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:

 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-мартындагы № 21 Бишкек шаардык кеңеши боюнча;

 Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 30-мартындагы № 2 Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча;

 Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-мартындагы № 3, №4 жана 2026-жылдын 27-мартындагы № 5 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Уч-Коргон, Ак-Жол айылдык кеңештери жана Кербен шаардык кеңеши боюнча;

 Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-мартындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;

 Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 5 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылдык кеңеши боюнча;

– Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 23-мартындагы № 1 Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча;

 Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 1 Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айылдык кеңеши боюнча;

 Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-мартындагы № 3 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңеши боюнча;

– Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 25-мартындагы № 1 Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан, Кара-Суу, Сары-Булак айылдык кеңештери боюнча;

 Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-мартындагы № 5 Талас облусунун Талас районунун Каракол айылдык кеңеши боюнча;

 Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 2 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор, Барскоон айылдык кеңештери боюнча;

2) жеке арызынын негизинде катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер:

 Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 30-мартындагы № 2 Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча;

– Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-мартындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;

3).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

 Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 30-мартындагы № 2 Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча;

 Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-мартындагы № 3 жана 2026-жылдын 27-мартындагы № 5 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Уч-Коргон, Ак-Жол айылдык кеңештери боюнча;

 Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-мартындагы № 5 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңеши боюнча;

 Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 23-мартындагы № 1 Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча;

 Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 2 Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айылдык кеңеши боюнча;

 Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-мартындагы № 3 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңеши боюнча;

– Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 25-мартындагы № 2 Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан, Кара-Суу, Сары-Булак айылдык кеңештери боюнча;

 Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-мартындагы № 6 Талас облусунун Талас районунун Каракол айылдык кеңеши боюнча;

— Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 2 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор, Барскоон айылдык кеңештери боюнча;

4) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

 Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-мартындагы № 4 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңеши боюнча;

 Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-мартындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитет.

Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

 Бишкек, Баткен, Аксы, Токтогул, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Чүй, Ысык-Ата, Кочкор, Талас жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

 Баткен, Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;

 Баткен, Аксы, Токтогул, Чоң-Алай, Чүй, Ысык-Ата, Кочкор, Талас жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ырастамалары ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3. Баткен, Аксы, Токтогул, Чоң-Алай, Чүй, Ысык-Ата, Кочкор, Талас жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 31-марты

№48