Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 131-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлсүн:
- № 5556 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Т. Кулатов көчөсү, 8/1, Ош шаарындагы азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттын имараты дарегинен Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү, 13, № 70 балдар бакчасынын имараты дарегине;
- № 5311 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Ж. Раимбеков көчөсү, 106а, № 67 “Мөл Булак” балдар бакчасынын имараты дарегинен Ош шаары, Ж. Раимбеков көчөсү, 22а, № 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты дарегине;
- № 5464 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Нагорная көчөсү, 1а, Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө боюнча муниципалдык ишканасынын имараты дарегинен Ош шаары, Ирригатор көчөсү, 1, № 70 орто мектептин имараты дарегине;
- № 5246 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Төлөйкөн айыл аймагы, Кыргызстан айылы, М. Бегиев көчөсү, 35, Кыргызстан айылдык кеңсесинин имараты дарегинен Төлөйкөн айыл аймагы, Кыргызстан айылы, К. Мырзаев көчөсү, 40, О. Курбанбаев атындагы орто мектептин имараты дарегине.
2) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 3-тиркемесинде:
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлсүн:
- № 2092 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Токтогул көчөсү, 7, темир жол бекетинин имараты дарегинен Манас шаары, Токтогул көчөсү, 6, № 6 жалпы билим берүү мектебинин имараты дарегине;
- № 2413 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Т. Байзаков проспекти, 171, эски автобекеттин имараты дарегинен Манас шаары, Б. Ботобаев көчөсү, 24, Г. Бакирова атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңы имараты дарегине.
3) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркемесинде:
- № 5115 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Мырза-Аке айыл аймагы, Мырза-Аке айылы, М. Нурбаев көчөсү, 40, маданият үйүнүн имараты дарегинен Мырза-Аке айыл аймагы, Мырза-Аке айылы, К. Жумалиев көчөсү, 17, К. Раимбеков атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлсүн.
2. Ош, Манас жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына киргизилген өзгөртүүлөр, анын ичинде тиешелүү шайлоо участокторунун чек аралары жана жайгашкан жерлери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 30-сентябры
№ 118