Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКсы кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү менен куттуктайт!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайт!
Жыл сайын ушул күнү эгемен жана эркин өлкөнүн символу болуп, элибиздин эчен кылымдык тарыхын камтып, улут рухун даңазалаган мамлекеттик Туу күнүн салтанаттуу белгилейбиз.
Ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө мекенге болгон сүйүү, патриоттуулук сезим уялап, дүйнөгө ийгиликтери менен таанылган, өнүккөн жана үлгүлүү өлкөлөрдөн бололу!
Кызыл туубуздун алдында мамлекетибиз бекем, элибиз эсен болсун!
Кененирээк билүү >>
Бишкекте Кыргыз жаранынын баалуулуктарын бекемдөө жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча тегерек стол өткөрүлдү
2026-жылдын 25-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) менен биргеликте «Кыргыз жаранынын жарандык иденттүүлүгүн бекемдөө жана мамлекеттик органдар менен өнөктөштүктү өнүктүрүү: КР БШКнын Жарандык билим берүү борборунун тажрыйбасы жана келечеги» аталышындагы тегерек стол өткөрдү.
Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Агартуу министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын, ИИМдин Республикалык окуу борборунун, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Талас мамлекеттик университетинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын, ошондой эле аймактык Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана аймактардан келген активисттер катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген Доктринанын («Уңгужол») «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» жоболорун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
Тегерек столду БШКнын төрагасынын орун басары Б.А. Конуров ачып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О. Култаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперти З.А. Турсунбеков жана «ПисНексус» фондунун өкүлү Н. Аксариева куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Б.А. Конуров өз сөзүндө БШКнын ЖБББ тарабынан жарандык иденттүүлүктү бекемдөө жана шайлоо маданиятын жогорулатуу багытында системалуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеп, Кыргыз жаранынын баалуулуктарын илгерилетүү демократиялык институттардын туруктуулугун камсыздоодо жана шайлоо процессине болгон ишенимди бекемдөөдө маанилүү фактор экенине токтолду.
Г.О. Култаева жаштардын жарандык иденттүүлүктү калыптандыруудагы ролун баса белгилеп, алардын өлкө электоратынын 40 пайыздан ашыгын түзөрүн айтты. Анын айтымында, жаштардын жоопкерчилигин, укуктук маданиятын жана жарандык активдүүлүгүн өнүктүрүү мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат.
З.А. Турсунбеков Доктринада («Уңгужол») «Кыргыз жараны» концепциясы улуттук биримдикти бекемдөөнүн жана коомдун баалуулуктук консолидациясынын стратегиялык багыты катары каралганын белгиледи. Ал Доктринанын жоболорун ишке ашыруу боюнча иштер системалуу жүргүзүлүп жатканын айтып, ведомстволор аралык кызматташууну мындан ары кеңейтүү зарылдыгына токтолду. Ошондой эле жаштардын ролуна өзгөчө көңүл буруп, «Кыргыз жараны» идеологиясы менен алардын шайлоого катышуу активдүүлүгүнүн ортосунда түз байланыш бар экенин белгиледи. Жаран өзүн мамлекеттин толук кандуу субъектиси катары сезгенде гана башкаруу процесстерине активдүү катышат. Добуш берүү — бул жөн гана укук эмес, мамлекетти башкарууга катышуунун маанилүү инструменти болуп саналат.
Н. Аксариева мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун өнөктөштүк кызматташуусунун маанисине токтолуп, жарандык билим берүү жаатындагы демилгелерди колдоо коомдук биримдикти жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Тегерек столдун негизги бөлүгүндө БШКнын ЖБББ тарабынан аймактык деңгээлде Кыргыз жаранынын баалуулуктарын илгерилетүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары сунушталды. Катышуучуларга өлкөнүн бардык аймактарында иштеп жаткан Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү, ошондой эле 2026-жылдын февраль айында беш аймакта жаштар жана аялдар арасында өткөрүлгөн маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуулардын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.
Өзүнчө аналитикалык блоктун алкагында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору А.Р. Жусубалиев коомдун социалдык дифференциациясы жана консолидациясы боюнча жүргүзүлгөн социологиялык изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштады. Статистикалык маалыматтар жарандардын жарандык иденттүүлүккө болгон түшүнүгүн, шайлоого катышууга болгон мамилесин, Кыргыз Республикасына таандык экенине болгон сыймыгын жана мамлекет алдындагы жоопкерчилигин чагылдырды. Бул маалыматтар жарандык билим берүү багытындагы иштерди мындан ары да системалуу улантуу зарылдыгын айгинеледи.
Талкуунун жүрүшүндө жаштар стратегиялык мааниге ээ максаттуу топ катары өзгөчө белгиленип, аларды заманбап санариптик инструменттер — социалдык тармактар, интерактивдүү платформалар, оюн форматтары жана кыска видеоконтенттер аркылуу активдүү тартуу зарылдыгы айтылды.
Жыйынтыгында Кыргыз жаранынын баалуулуктарын жайылтуу боюнча мындан аркы иш-чаралардын артыкчылыктуу багыттары аныкталып, маалыматтык-агартуу иштерин кеңейтүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана туруктуу илгерилетүү механизмдерин өнүктүрүү боюнча сунуштар берилди.
Тегерек стол Доктринанын («Уңгужол») жоболорун ишке ашырууну улантуу жана Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүктү бекемдөө багытында мамлекеттик органдардын, илимий жана эксперттик коомчулуктун өнөктөштүк кызматташуусун өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп калды.
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-февралда өз жыйынында Нарын, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Сүлүктү, Ноокен, Майлуу-Суу жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти:
- Нарын районунун Учкун айылдык кеңешинин депутаты Орозкожо уулу Акайдын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мустапаев Талантбек Сталовичке өткөрүлүп берилди;
- Нарын районунун Учкун айылдык кеңешинин депутаты Арызтанбек уулу Исламдын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Султанов Жергазарга өткөрүлүп берилди;
- Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Кулетова Назира Асылбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Молдобаева Светакан Рыскуловнага өткөрүлүп берилди;
- Кара-Суу районунун Манас айылдык кеңешинин депутаты Давранова Рабия Туланбаевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Алимова Мавлуда Номановнага өткөрүлүп берилди;
- Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Сапарбаев Камчыбек Мурзакасымовичтин (“Ыйман Нуру” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Исманов Абдувахап Джалиловичке (“Ыйман Нуру” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин депутаты Сагындыков Азизбек Калмурзаевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Анияров Талантбек Орозбековичке өткөрүлүп берилди;
- Жайыл районунун Жайыл айылдык кеңешинин депутаты Алымбеков Ренат Шаршенбековичтин ыйгарым укугу каза болгондугуна байланыштуу токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ахматов Бактыбек Керимбековичке өткөрүлүп берилди;
- Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Балтабаев Байаман Бахтияровичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Р.С. Дуйшенбиевди жана Дж.Д. Нышановду КР Жогорку Кеӊешинин шайланган депутаттары деп тааныды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-февралдагы жыйынында Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматовичке №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча жана Нышанов Джайлообай Данибаевичке № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын бош мандаттарын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
Р.С. Дуйшенбиев №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча жана Дж.Д. Нышанов №15 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары болуп катталып, аларга белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белгилер берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 24-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 24-февралы
Убактысы: 11-00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Нарын, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Сүлүктү, Ноокен, Майлуу-Суу жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А. Эрбаевдин каттоосун жокко чыгарды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-февралдагы жыйынында № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эрбаев Алишер Ташбаевичтин 2026-жылдын 23-февралындагы берген жеке арызынын негизинде каттоосун жокко чыгарды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 891 “Эрбаев Алишер Ташбаевичти № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө” чечими күчүн жоготту деп таанылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 23-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 23-февралы
Убактысы: 14-00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
№ 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эрбаев Алишер Ташбаевичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулаймановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-февралда өзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты К.К. Сулаймановдун ырастамасы жараксыз деп таанылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 23-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 23-февралы
Убактысы: 10:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоосу
Сиздерди 23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү менен жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн атынан чын жүрөктөн куттуктайм!
Мекенди жана туулуп-өскөн жериңдин кызыкчылыгын коргоо - ар бир жарандын милдети. Ар тармактагы ак ниеттүү ишибиз, адал эмгегибиз менен мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдеп, туруктуулугун камсыздай алабыз.
Өлкөнүн өнүгүүсү, туруктуулугу жана келечеги үчүн эмгектенип жаткан ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем.
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге ийгилик каалайм.
Жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун!
Кененирээк билүү >>
БШК ЖБББ менен биргеликте Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча Тегерек стол уюштурат
2026-жылдын 25-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) менен биргеликте Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча Доктринанын (Уңгужол) «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» алкагында Тегерек стол өткөрөт.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Жарлыгы менен бекитилген Доктринанын жоболорун ишке ашыруунун алкагында уюштурулууда.
Тегерек стол 2026-жылдын февраль айында Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында ЖБББ тарабынан өткөрүлгөн маалыматтык-түшүндүрүү жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу аянтча болот.
Иш-чаранын алкагында төмөнкүлөр пландалууда:
өткөрүлгөн иштердин жыйынтыктарын чыгаруу;
аймактарда ишке ашырылган иш-чаралардын практикалык тажрыйбасын талкуулоо;
мындан аркы артыкчылыктуу багыттарды аныктоо;
Кыргыз жаранынын баалуулуктарын илгерилетүү жана жарандык иденттүүлүктү бекемдөө боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Ошондой эле калктын шайлоо маданиятын жогорулатуу жана жарандардын шайлоого жоопкерчиликтүү катышуусун калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Санкт-Петербургда өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов жана БШКнын аппаратынын кызматкерлери «Шайлоо жана референдум институтуна болгон ишенимди калыптандыруу: эл аралык байкоонун ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.
Иш-чара 2026-жылдын 18–20-февраль күндөрү КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын штаб-квартирасы - Санкт-Петербург шаарындагы Таврий сарайында өтүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө заманбап шайлоо технологияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, анда автоматтык эсептөөчү урналардын жана идентификациялык түзүлүштөрдүн үлгүлөрү көрсөтүлүүдө. Катышуучулар аралыктан идентификациялоо жана бюллетендерди автоматтык эсептөө процесстерине күбө боло алышат.
Электоралдык талкууларда КР БШКсынын мүчөсү К. Маматов баяндама жасап, санариптештирүү Кыргыз Республикасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгүн жана объективдүүлүгүн камсыз кылуунун негизги куралы экенин белгиледи. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системалары адам факторуна байланышкан салттуу тобокелдиктердин көбүн жоюп, бардык этаптардын ачыктыгын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле К. Маматов эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин 7-жыйынына катышты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Б. Конуров КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин 7-жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Бахадыp Конуров онлайн форматта КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин 7-жыйынына катышты.
Жыйын 2026-жылдын 18–20-февраль күндөрү Санкт-Петербург шаарындагы Таврий сарайында өтүп жаткан «Шайлоо жана референдум институтуна болгон ишенимди калыптандыруу: эл аралык байкоонун ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында уюштурулду.
Кеңештин ишине КМШ өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин борбордук шайлоо комиссияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий катышты.
Өз сөзүндө Б. Конуров 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, шайлоолорго мониторинг жүргүзүүгө активдүү катышканы үчүн КМШ ПААсына ыраазычылык билдирди.
Өткөн шайлоонун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири аралыктан добуш берүүнүн колдонулушу болду. Бул механизм шайлоочулар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында киргизилген. Шайлоочулардын тизмесине кирген жаран бюрократиялык тоскоолдуктарсыз каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат. Негизги максат - жарандардын шайлоо укуктарын толук камсыз кылуу.
Белгилей кетсек, мунун алдында Консультативдик кеңештин алдындагы шайлоо чөйрөсүндөгү жаштар саясаты боюнча Жумушчу топтун жыйыны өткөн. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын атынан онлайн форматта бул Жумушчу топтун мүчөлөрү Жакшылык Бекназаров жана Эмира Муктарканова катышты.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңештин депутаты Тургунбек уулу Нурланбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-февралда өзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нурланбек Тургунбек уулу ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Нурланбек Тургунбек уулу ырастамасы жараксыз деп таанылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 19-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 19-февралы
Убактысы: 14:30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тургунбек уулу Нурланбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Таалайбек Сарыбашовду № 8 шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин шайланган депутаты деп тааныды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-февралдагы жыйынында № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын бош мандатын Сарыбашов Таалайбек Насирбековичке өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
Т.Н. Сарыбашов № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
16.09.2026
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү
09.09.2026
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09.09.2026
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди