КР БШКсы № 20 шайлоо округу боюнча М.Дж. Алымбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин шайланган депутаты деп тааныды
19 мая 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-майдагы жыйынында Алымбеков Максат Джумакадыровичке № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
Максат Алымбеков № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.







