Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКсы Таалайбек Сарыбашовду № 8 шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин шайланган депутаты деп тааныды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-февралдагы жыйынында № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын бош мандатын Сарыбашов Таалайбек Насирбековичке өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
Т.Н. Сарыбашов № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-февралдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 65 Жарлыгынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Акаев Жанар Кубанычовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.К. Акаевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 19-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 19-февралы
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.К. Акаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Борбор Азия боюнча Европа парламентинин делегациясы менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 18-февралда, Джузи Принчи төрагылыгы астындагы Борбор Азия менен байланыштар боюнча Европа парламентинин делегациясы менен жолугушту.
Жолугушууга Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Реми Дюфло, ошондой эле делегация мүчөлөрү - Италия, Финляндия, Германия, Франция, Чехия Республикасы жана Болгариянын өкүлдөрү катышты.
Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасы жана КР БШКсы Европа өлкөлөрү менен конструктивдүү диалогко жана кызматташтыкка ар дайым ачык экенин белгиледи. Ал 2025-жылдын 30-ноябрында өлкөдө парламенттик шайлоо өткөнүн эске салып, ага эл аралык байкоочулар чакырылганын билдирди. Шайлоо процессине жалпы 778 байкоочу катышып, алардын 374ү ЕККУ миссияларынын өкүлдөрү болгон.
БШК төрагасынын айтымында, бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин VIII чакырылышындагы депутаттык корпус толугу менен калыптанып, 90 депутаттан турат. Бүгүн дагы төрт депутатка мандат тапшырылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан шайлоо реформаларынын жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду. Төраганын белгилешинче, жаңыланган шайлоо системасы гендердик теңчиликти камсыздап, жарандардын активдүү шайлоо укугун ишке ашырууга, анын ичинде аралыктан добуш берүү аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтти. Заманбап технологияларды колдонуу бюллетендерди салуу жана “карусель” сыяктуу мыйзам бузууларды минималдаштырууга шарт түздү.
Өз кезегинде Джузи Принчи делегациянын кеңири өкүлчүлүк курамы Европа парламентинин Кыргызстан менен кызматташтыкты чыңдоого болгон жогорку кызыкчылыгын айгинелеп турарын белгиледи. Ал өлкөдөгү шайлоо процесси ачык-айкын жана адилет өтүп жатканын белгилеп, жаңы шайлоо системасын ишке киргизүүнүн практикалык аспектилерине кызыгуусун билдирди.
Атап айтканда, делегацияны жаңыланган добуш берүү форматына өтүүдөгү чакырыктар, айылдык жана тоолуу аймактардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, аралыктан добуш берүүдө колдонулган жабдуулардын техникалык жана адамдык факторлору, ошондой эле гендердик теңчилик механизмдерин мындан ары өнүктүрүү жана ЕККУ миссиясынын сунуштарын ишке ашыруу маселелери кызыктырды.
Тынчтык Шайназаров өлкөдө шайлоо процесстерин санариптештирүү системалуу түрдө жүргүзүлүп жатканын жана бардык аймактарды, анын ичинде жетүүгө кыйын болгон алыскы айылдарды да камтып жатканын белгиледи. Жарандардын шайлоого тең укуктуу катышуусун камсыздоо үчүн керектүү жабдуулар бардык мүмкүн болгон жолдор менен жеткирилүүдө.
Ошол эле учурда ал түзүлгөн уюштуруучулук жана техникалык мүмкүнчүлүктөргө карабастан, анын ичинде чет өлкөдө жүргөн мекендештер үчүн аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар экенине карабай, калктын шайлоого катышуу активдүүлүгүн жогорулатуу маанилүү милдет бойдон каларын кошумчалады.
Жолугушуунун жыйынтыгында делегация мүчөлөрү КР БШК жетекчилигине ачык жана мазмундуу диалог үчүн ыраазычылык билдирип, шайлоо системасын жана демократиялык институттарды өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашууну мындан ары да улантууга кызыкдар экенин белгилешти.
Кененирээк билүү >>
Өлкөнүн аймактарында Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуулары өткөрүлдү
2026-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын аймактарында Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жолугушууларынын сериясы өткөрүлдү.
Жолугушуулар Кыргыз Республикасынын БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Жарлыгы менен бекитилген Доктринанын (Уңгужол) «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктиктер» жоболорун ишке ашыруунун алкагында, «ПисНексус» фондунун колдоосу менен уюштурулду.
Кыргыз жараны аталган Доктринанын курамдык бөлүгү болуп саналат жана улуттук биримдикти бекемдөөгө, жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүгө, баалуулук багыттарын калыптандырууга жана активдүү жарандык позицияны өнүктүрүүгө багытталган.
Жолугушуулар төмөнкү аймактарда өттү:
2–3-февралда — Жалал-Абад облусунун Масы айылында жана Ош облусунун Араван айылында;
10–12-февралда — Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында, Нарын облусунун Нарын шаарында жана Чүй облусунун Кант шаарында.
Иш-чаралар ЖБББнун аймактык координаторлорунун катышуусу менен өткөрүлүп, калктын ар түрдүү максаттуу топторун, анын ичинде жаштарды жана аялдарды камтыды.
Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз жаранынын баалуулуктары, жарандык иденттүүлүктүн мааниси, жарандык жоопкерчилик жана коомдук турмушка активдүү катышуунун зарылдыгы тууралуу маалымат берилди. Айрыкча шайлоо маданиятын калыптандыруу, жарандардын шайлоого аң-сезимдүү катышуусу, демократиялык процесстердеги ар бир жарандын ролу жана добуш берүүдө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын сериясынын алкагында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 350дөн ашуун жаран окутуудан өттү.
Өткөрүлгөн иштердин жыйынтыктарын чыгаруу, жетишилген натыйжаларды талкуулоо жана мындан аркы ишмердүүлүктүн багыттарын аныктоо максатында 2026-жылдын 25-февралында Бишкек шаарында Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча Доктринанын (Уңгужол) «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктиктер» алкагында Тегерек стол өткөрүлөт.
Тегерек стол өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктарын системалаштырууга, алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу милдеттерди аныктоого жана жарандык иденттүүлүктү туруктуу калыптандыруу, ошондой эле жарандардын коомдук-саясий турмушка жоопкерчиликтүү катышуусун камсыз кылуу багытындагы аракеттерди координациялоону күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы №5 шайлоо округу боюнча А.А. Абдуллаевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин шайланган депутаты деп тааныды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-февралдагы жыйынында Абдуллаев Азизбек Ашимжановичке №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
А.А. Абдуллаев №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттарын каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 18-февралда өзүнүн жыйынында “№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттарын каттоо жөнүндө” токтомун кабыл алды.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 13-февралындагы №14 токтомуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШКсы №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү шайланган депутаттарын каттады:
Алтынбеков Айбек;
Мамытов Талант Турдумаматович;
Карабекова Айгүл Асановна.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 18-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 18-февралы
Убактысы: 10:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаты Э.Н. Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 17-февралда өзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Эльдар Нурлановичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Н. Сулаймановдун ырастамасы жараксыз деп таанылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 17-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 17-февралы
Убактысы: 14-00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Н. Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
№13 шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо төгүмдөрү кайтарылат
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-февралдагы өзүнүн жыйынында 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо катталган талапкерлердин шайлоо төгүмдөрүн кайтаруу жөнүндө токтом кабыл алды.
Белгилей кетсек, №13 шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого 25 талапкер катталып, бюджетке 7 млн сом шайлоо төгүмүн төлөшкөн.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-февралда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом кабыл алды.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Исмаилов Бексултан Бакытбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) берген арызына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылып, Джетенбаев Канат Рахимбаевич (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын курамына киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын бир катар жоболоруна өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-февралда өзүнүн жыйынында “Шайлоочунун кабинети” сервиси, “Тизме” мамлекеттик порталы, Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жана Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизди.
1. КР БШКнын 2025-жылдын 1-августундагы № 51 токтому менен бекитилген, “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди:
- 2-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Электрондук колтамга жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси” деген сөздөрү менен алмаштырылды.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 52 токтому менен бекитилген Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди:
- 2-пунктундагы “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси” деген сөздөрү менен алмаштырылды.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди:
- 2-пункттагы “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Электрондук кол тамга жөнүндө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси” деген сөздөрү менен алмаштырылды.
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди:
- 2-пункттагы “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Электрондук кол тамга жөнүндө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси” деген сөздөрү менен алмаштырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-февралда өз жыйынында Панфилов, Ак-Талаа, Өзгөн, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
- Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Озубеков Кубанычбек Асанкадыровичтин (“Эл биримдиги” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Алагузов Нурлан Рыспековичке (“Эл биримдиги”саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Абдрахманов Улукбек Медетбековичтин (“Эл биримдиги” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кобушко Павел Николевичке (“Эл биримдиги” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Карасартов Нурбек Ырысманбетовичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чылымов Тынчтыкбек Абдраимовичке өткөрүлүп берилди;
- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Курманбаев Акылбек Жээнбаевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
- Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаты Иманалиева Нурзат Иманалиевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдылдаева Гүлнара Карыбековнага өткөрүлүп берилди;
- Өзгөн районунун Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Мураталиев Шарап Эркинбаевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
- Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Аблазов Махаматимам Мамаюнусовичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Хакимжанов Абдылбакы Хабийбуллаевичке өткөрүлүп берилди;
- Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Турдукулов Убайдилла Мамашариповичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сарыков Төлөгөн Тайыровичке өткөрүлүп берилди;
- Кадамжай районунун Молдо Нияз айылдык кеңешинин депутаты Абдиллаев Шабданбек Махмутович ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Имамбердиев Арсланбек Бегалиевичке өткөрүлүп берилди;
- Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаты Анаров Саатбек Гапаровичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Худойбердиев Талантбек Амировичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 16-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 16-февралы
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
Панфилов, Ак-Талаа, Өзгөн, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Исаев Э.А., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология сектору бөлүмүнүн башчысы)
2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутуттарын кайра шайлоодогу катталган талапкерлердин шайлоо төгүмдөрү жөнүндө
(баяндамачы – Амангелди кызы Мунара, көзөмөлдөө- ревизиялык жана аудиттик иш секторунун башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 51 токтому менен бекитилген “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Акимбаев А. Ж., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 52 токтому менен бекитилген Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Акимбаев А. Ж., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 72 токтому менен бекитилген Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы –Акимбаев А. Ж., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы –Акимбаев А. Ж., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)
8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 149 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы –Акимбаев А. Ж., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы А. Алтынбековду, Т. Мамытовду жана А. Карабекованы № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары болуп шайланды деп тааныды
2026-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 30-ноябрындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого катышкан № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерден жаңыдан аныкталган жагдайларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын БШКнын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 161 токтомун кайра карап чыгуу өтүнүчү менен арыз келип түшкөн.
КР БШК билдирүүнү ар тараптуу жана калыс кароо максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине расмий суроо-талап жөнөткөн. КР ИИМдин маалыматы боюнча, шайлоо укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар шайлоо участкаларында талапкерлердин биринин тарапташтары тарабынан көчмө видеокөзөмөл жабдууларын орнотууга байланыштуу шайлоо мыйзамдарынын айрым бузуу фактылары аныкталган.
Берилген материалдарга ылайык, аныкталган фактылар жеке мүнөзгө ээ жана жалпысынан округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгына уюшкан же массалык таасир эткендигинен кабар бербейт. Текшерүү материалдарында көрсөтүлгөн аракеттер мандаттардын бөлүштүрүлүшүнө таасир эткендиги же шайлоонун анык жыйынтыктарын аныктоого мүмкүнчүлүк бербегендиги тууралуу маалыматтар жок.
Жогорудагы маалыматтарды карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдарын жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй токтом кабыл алды:
1. КР БШКнын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 161 токтому жокко чыгарылсын.
2. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өттү деп таанылсын.
3. Талапкер Б.У. Сыдыков үчүн берилген шайлоочулардын добуштары жараксыз деп таанылып, тиешелүү шайлоо бюллетендери жараксыз бюллетендерге киргизилсин.
4. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилсин.
5. №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары болуп төмөнкү талапкерлер шайланды деп таанылсын:
- Алтынбеков Айбек;
- Мамытов Талант Турдумаматович;
- Карабекова Айгүл Асановна.
Токтом расмий кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
16.09.2026
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү
09.09.2026
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди