БШК мүчөсү У. Жылкыбаевдин катышуусунда КР Ички иштер министрлигинин Академиясында жарандардын шайлоо укуктары боюнча талкуу өттү
20 мая 2026
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) Кошумча кесиптик билим берүү факультетинин угуучулары үчүн иш-чара өткөрдү.
Академиянын башчысынын орун басары Сталбек Куренкеев жыйынды ачып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин шайлоо чөйрөсүндөгү укуктук маданиятын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев шайлоо системасы боюнча сөз сүйлөп, катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Угуучулар активдүү суроолорду берип, шайлоо мыйзамдарынын актуалдуу аспектилери жана аларды колдонуу практикасы боюнча маңыздуу талкуу жүргүзүштү.
Ал эми «Эгль» коомдук бирикмесинин директору Ч. Омурканова айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.
Соңунда эң активдүү угуучулар ЖБББ тарабынан чакан белектерге ээ болушту.
Өз кезегинде Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жогорудагы иш-чараны уюштурууга көмөк көсөткөн мамлекеттик-укуктук дисциплиналар кафедрасынын башчысы, милициянын полковниги Дамира Момбековага жана Сайкал Автандиловага ыраазычылыгын билдирет.




















