КР Борбордук шайлоо комиссиясы Курман айт майрамы менен куттуктайт!
27 мая 2026
Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Курман айт майрамы менен куттуктайт!
Курман Айт - адамзатка мээримдүүлүк, сабырдуулук жана боорукерлик сыяктуу асыл баалуулуктарды даңазалаган ыйык майрамдардын бири. Бул күн адамдарды ынтымакка, өз ара түшүнүшүүгө, кечиримдүүлүккө жана кайрымдуулукка үндөп, коомдогу биримдикти бекемдейт.
Ушул ыйык майрамда айтылган бардык ак тилектер орундалып, ар бир үйгө ырыскы, оомат жана кут-береке кирсин!
Элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык өкүм сүрүп, өлкөбүз гүлдөп, өнүгө берсин.
Айтыңыздар маарек болсун!

