Системдик администраторлор Улуттук “Уңгужол” доктринасы боюнча жарандарды окутууну улантууда
13 мая 2026
Май майрамдары аяктаган соң, республика боюнча Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун (ЖСБББ) системдик администраторлору кезектеги окутуу семинарларынын циклине киришти.
Сабактар Улуттук “Уңгужол” доктринасынын (“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктиктер”) негиздерин түшүндүрүүгө жана калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга арналган.
Бул жолу Жалал-Абад облусунун системдик администраторлору активдүүлүктү көрсөтүштү. Алар тез арада семинарларды уюштуруу менен бирге окутууга жергиликтүү жаштарды, карыларды да тарта алышты.
Сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар “Кыргыз жараны” иденттүүлүгүнүн баалуулуктары менен таанышып, “Түндүк” тиркемесин өздөштүрүштү жана шайлоого маалымдуу катышуунун маанилүүлүгүн үйрөнүштү.
Системдик администраторлордун жогорку берилгендиги жарандар арасында агартуу иштеринин жүргүзүлүшүнө үзгүлтүксүз шарт түзүүдө.
Өзгөчө Жалал-Абад облусундагы кызматкерлердин демилгеси жана талыкпаган аракети башкаларга үлгү болууда. Жалпысынан эки күндүн ичинде эле 400гө жакын жаран окутуудан өтүштү.
Учурда окутуу уланууда. Семинарлардын графигин жергиликтүү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунан тактаса болот.
ЖСБББ жарандардын укуктук, шайлоо жана санариптик сабаттуулугун жогорулатуу үчүн түзүлгөн. Системдик администраторлор Кыргызстандын бардык аймактарында үзгүлтүксүз сабактарды өткөрүшөт.


















