Кыргызстанда 1300дөн ашуун жаран санариптик сабаттуулук жана “Кыргыз жараны” баалуулуктары боюнча окутулду

29 мая 2026

Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда калкты системалуу окутуу улантылууда. 2026-жылдын 12-майынан 29-майына чейин “Кыргыз жараны” баалуулуктарын жайылтуу жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу боюнча семинарлар Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп, ага 1300дөн ашуун жаран катышты.

Семинарлар КР БШКнын аймактардагы атайын өкүлдөрүнүн активдүү көмөгү менен өткөрүлүүдө. Алардын негизги милдети — шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу жана жарандардын укуктук маданиятын көтөрүү.

Системалык администраторлорго комиссиянын аймактык атайын өкүлдөрү — Кожобергенов Нурболот (Кара-Көл жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиясындагы БШКнын атайын өкүлү) жана Кусеинова Роза (Түп аймактык шайлоо комиссиясындагы БШКнын атайын өкүлү) уюштуруучулук жана усулдук жактан колдоо көрсөтүп жатышат.

Май айынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдү төмөнкү аймактар көрсөттү:

 Жалал-Абад облусунун Токтогул, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары жана Сузак району;

 Ош облусунун Ош шаары жана Чоң-Алай району;

 Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол шаарлары жана Түп району;

 Нарын облусунун Кочкор жана Ак-Талаа райондору;

 Талас шаары.

Жогорудагы окутуулардын негизги максаты — заманбап санариптик куралдарды ишенимдүү колдонгон, активдүү жана жоопкерчиликтүү “Кыргыз жараны” коомчулугун калыптандыруу.