КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин ортосунда Меморандумга кол коюлду
19 мая 2026
19-майда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (КР БШК) Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун (ЖБШТБ) директору Анара Бейшембаева менен «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин ректору Назира Эсеналиева Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.
Меморандумдун максаты – жарандык билим берүү, жаштардын, студенттердин, магистранттардын жана мектеп окуучуларынын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу чөйрөсүндө узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү.
Тараптар төмөнкүдөй биргелешкен билим берүү жана агартуу долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты:
- жарандык билим берүү, шайлоо укугу жана комплайнс-контроль боюнча окуу программаларын иштеп чыгуу;
- семинарларды, тренингдерди, дебаттарды, окуу шайлоолорун жана илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү;
- университеттин студенттеринин КР БШКнын түзүмдөрүндө стажировкадан жана өндүрүштүк практикадан өтүүсүн уюштуруу;
- шайлоо жүрүм-турумун жана укуктук маданиятты изилдөө боюнча биргелешкен илимий топторду түзүү.
Өзгөчө көңүл жаштардын активдүү жарандык позициясын, мыйзамды урматтоосун жана шайлоого аң-сезимдүү катышуусун калыптандырууга бурулат.
Меморандун мөөнөтү 5 жылга белгиленип, автоматтык түрдө узартылат жана каржылык милдеттенмелерди камтыбайт. Конкреттүү долбоорлор өзүнчө келишимдердин негизинде ишке ашырылат.
Тараптар Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун андан ары өнүктүрүүгө жана келечектеги адистердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга кызмат кыларына ишеним билдиришти.






