КР БШКнын өкүлдөрү Беларусь Республикасында өтүп жаткан эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда

22 мая 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Беларусь Республикасынын Гродно шаарында Бүткүл беларусь элдик жыйынынын 30 жылдыгына арналып, 2026-жылдын 21–22-май күндөрү өтүп жаткан “Мамлекеттин маалыматтык-саясий коопсуздугун камсыздоодо санариптик технологиялар жана жасалма интеллект: дискурстар, концепциялар жана практикалар” аттуу XI эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.

Конференцияга КР БШКнын шайлоо жабдууларын эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы Максат Тоокеев жана программалык-техникалык камсыздоо жана маалымат коопсуздугу бөлүмүнүн эксперти Улан Мурзаев өкүлдүк кылууда.

Илимий-практикалык конференциянын ишине Беларусь Республикасынын мамлекеттик органдарынын, илимий-изилдөө мекемелеринин жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, эксперттик коомчулук, ошондой эле чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышып жатышат.

“Санариптик технологиялар жана шайлоо процесси: эл аралык тажрыйба жана улуттук реалдуулук” аттуу тематикалык жыйында КР БШКнын өкүлдөрү “Санариптик технологиялар жана заманбап шайлоо процесси: Кыргыз Республикасында ишке ашыруу тажрыйбасы” деген темада баяндама жасашты.

Баяндамада Кыргыз Республикасында шайлоо процессин санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, заманбап маалыматтык системаларды колдонуу тажрыйбасы, ошондой эле шайлоонун ачыктыгын, айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.