Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын БШК өкүлдөрү Казакстандагы республикалык референдумга мониторинг жүргүзүүгө катышууда
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган өкүлдөрү КМШ, ШКУ жана ТМУ (Түрк мамлекеттер уюмунун) байкоо миссияларынын курамында Казакстан Республикасындагы республикалык референдумга мониторинг жүргүзүүгө катышууда.
КМШнын байкоо миссиясынын курамына КР БШК төрагасы Т. Шайназаров кирди, ТМУ миссиясынын курамында КР БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов, ал эми ШКУ миссиясынын курамында Кабылбек Мамбетаипов жана КР БШК аппаратынын кызматкерлери иш алып барышууда.
Мындан тышкары, КР БШКнын атайын өкүлдөрү жана системдик администраторлору КМШ миссиясынын алкагында Алматы жана Тараз шаарларындагы добуш берүү процессине мониторинг жүргүзүүгө катышып жатышат.
Референдумдун алдында КР БШК төрагасы Т. Шайназаров Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров менен жолугушуу өткөрдү.
Н. Абдиров референдумга даярдык көрүү жана шайлоо комиссияларынын жумуштары, ошондой эле эл аралык байкоочулардын катышуусу тууралуу маалымат берди. Ал байкоо жүргүзүүгө катышып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Т. Шайназаров референдумдун ийгиликтүү өтүшүн каалады.
Республикалык референдумга коюлган негизги маселе болуп, төмөнкү суроо менен кошо Казакстан Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору саналат: “Сиз Казакстан Республикасынын 2026-жылдын 12-февралында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган жаңы Конституциясынын долбоорун кабыл аласызбы?”
14-мартта эл аралык байкоочулардын катышуусунда брифинг өткөрүлдү. Аккредитациянын жыйынтыгында референдумга байкоо жүргүзүүгө 38 чет мамлекеттен жана 11 эл аралык уюмдан 359 өкүл катышууда.
Шайлоочулардын тизмесине 12 461 796 адам киргизилген. Референдумду уюштурууга 10 658 комиссия, анын ичинде 247 аймактык комиссия жана 10 411 участкалык комиссия тартылган.
Чет өлкөлөрдө добуш берүү 62 чет мамлекеттеги Казакстан Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдындагы 80 шайлоо участогунда уюштурулган.
Эл аралык байкоочулар шайлоо участокторуна барышат, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салышат, ошондой эле добуштарды эсептөө процедурасына байкоо жүргүзүүгө катышышат.
Маалымат үчүн:
2026-жылдын 11-февралында Казакстан Республикасынын Президенти К. Токаев «2026-жылдын 15-мартында республикалык референдум өткөрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.
Конституциянын долбооруна ылайык, негизги өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:
• эки палаталуу парламенттен бир палаталуу парламентке өтүү: учурдагы парламент Мажилис жана Сенаттан турат. Долбоордо 145 депутаттан турган жана кеңейтилген ыйгарым укуктарга ээ Курултай аттуу бир палаталуу парламент түзүү сунушталууда;
• парламент депутаттарын пропорционалдык шайлоо системасы боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлоо;
• президенттин ыйгарым укуктарын жети жылдык бир мөөнөт менен чектөө;
• президент тарабынан парламенттин (Курултайдын) макулдугу менен дайындалуучу вице-президенттин кызматын киргизүү;
• жана башка өзгөртүүлөр.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Шаирбек Ташиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 14-мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 14-марты
Убактысы: 14-30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
№11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ташиев Шаирбек Кыдыршаеввичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШК көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү
Бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча шаардык эки айлык ишембиликке катышты.
КР БШКнын кызматкерлери төраганын орун басары Бахадыр Конуровдун жетекчилигинде А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артында жайгашкан "Театральный" скверинин бекитилген тилкесинде, ошондой эле ага чектеш аймакта ишембилик өткөрүштү.
Иштин жүрүшүндө аймак катуу тиричилик калдыктарынан, кургак бутактардан, пластиктен жана башка таштандылардан тазаланды.
Мындай иш-чараларды өткөрүү борбордун санитардык абалын жакшыртууга, ошондой эле айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарында 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин шаардын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик иш-чарасы өтүүдө.
Кененирээк билүү >>
КР БШКда “КР Жаштар парламенти” долбоорунун катышуучулары - студенттер менен маалыматтык-агартуу жолугушуусу болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “КР Жаштар парламенти” долбоорунун катышуучулары - студенттер менен маалыматтык-агартуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга өлкөнүн ар кайсы жогорку окуу жайларынын 1-4-курстарынын ар кандай багытта билим алышкан 30 студенти катышты.
Катышуучулар долбоорго арыз берген 200гө жакын студенттин ичинен тандалып алынган.
КР БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев студенттерге Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, Борбордук шайлоо комиссиясынын ролу жана ыйгарым укуктары, ошондой эле шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө ачык суроо-жооп сессиясы болуп, анын алкагында студенттер шайлоо процессинин маселелери боюнча бир катар суроолорду узатышты. Атап айтканда, катышуучуларды шаардык кеңештердеги депутаттардын саны жана ыйгарым укуктары, округдар боюнча шайлоонун азыркы системасына өтүү, шайлоолорду өткөрүүдө санариптик технологияларды колдонуу жана аларды текшерүү механизмдери, ошондой эле жаштардын шайлоого катышуусунун төмөндүгүнүн себептери жана алардын шайлоо процессине катышуусун жогорулатуунун мүмкүн болгон жолдору кызыктырды.
Бардык суроолорго КР БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев тарабынан толук түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, студенттерге Кыргыз Республикасында шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүүдө колдонулуучу шайлоо жабдууларынын иши көрсөтүлдү. Катышуучулар ошондой эле демонстрациялык режимде добуш берүү процессин сынап көрүштү.
Мындай жолугушуулар жаштардын укуктук жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга, жаш жарандардын шайлоо процесстерине болгон кызыгуусун арттырууга жана активдүүлүгүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Жолугушууну КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБШТБ) уюштурду.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Курманкул Зулушевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 13-мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 13-марты
Убактысы: 19-00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКда студенттер үчүн маалыматтык-агартуу жолугушуусу өттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында бүгүн, 13-мартта студенттер үчүн маалыматтык-агартуу жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чара КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖББШТБ) тарабынан уюштурулуп, жаштардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга, шайлоо маданиятын калыптандырууга жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүгө багытталды.
Жолугушууга Бишкек инновациялык колледжинин (БИК) 40 студенти жана Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин «Юриспруденция» багыты боюнча билим алган 22 студенти катышты.
Катышуучуларга КР БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева жана Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директору Анара Бейшембаева сөз сүйлөп, жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, жарандардын шайлоолорго аң-сезимдүү катышуу маданиятын өнүктүрүү жана активдүү жарандык позицияны калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
ЖББШТБнын эксперти Чолпон Бапиева «Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жаштардын жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүдөгү ролу» темасында презентация жасап, Кыргыз жаранынын негизги принциптери жана баалуулуктары тууралуу видеоматериалды көрсөттү.
КР БШКнын шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Керемет Берикбаева катышуучуларды Кыргыз Республикасындагы шайлоо процесстеринин өзгөчөлүктөрү жана шайлоону өткөрүүнүн негизги этаптары менен тааныштырды. Өзгөчө көңүл шайлоо процессин санариптештирүү маселелерине бурулду.
КР БШКсынын программалык-техникалык камсыздоо жана коопсуздук бөлүмүнүн эксперти Улан Мурзаев шайлоо процесстеринин ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоодо колдонулуп жаткан санариптик технологиялар тууралуу маалымат берди.
Алынган билимдерди бекемдөө максатында Kahoot платформасында интерактивдүү викторина-оюн өткөрүлүп, анын жүрүшүндө катышуучулар шайлоо системасы боюнча билимдерин текшерип, талкууланган темаларга жигердүү кызыгуу көрсөтүштү. Жеңүүчүлөргө эстелик белектери тапшырылды.
Ошондой эле студенттерге Кыргыз Республикасында шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө колдонулган шайлоо жабдууларынын иши көрсөтүлдү.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар үчүн КР БШКнын имараты боюнча экскурсия уюштурулуп, жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.
Мындай маалыматтык-агартуу жолугушуулар жаштардын укуктук жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга, активдүү жарандык позицияны калыптандырууга жана жаш жарандардын демократиялык процесстерге болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-мартта өз жыйынында Панфилов, Ысык-Көл, Талас, Ноокен, Алай жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
- Панфилов районунун Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин депутаты Уметов Бейшембай Жеенкуловичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
- Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Уралиева Айгуль Замировнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыракманова Чынара Алмазбековнага (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Зайнидинов Муканбет Жожобаевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шериппаев Улан Култашыровичке (“Бирге-Вместе” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл районунун Жусуп Абдрахманов айылдык кеңешинин депутаты Халиалдаева Гулниза Мегматовнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орозакунов Джумадилге өткөрүлүп берилди;
- Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты Канатбеков Арстанбек Канатбековичтин (“Улуу Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абазбеков Элдар Абазбековичке (“Улуу Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Талас районунун Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаты Алкан кызы Рыскүлдүн ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мамбеталиева Айниза Мансуровнага өткөрүлүп берилди;
- Алай районунун Жибек-Жолу айылдык кеңешинин депутаты Бекмурзаев Гүлжигит Бурканбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
- Гүлчө шаардык кеңешинин депутаты Таласбеков Султанбек Таласбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Алиев Мелис Сыдыковичке өткөрүлүп берилди;
- Ноокат районунун Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаты Маматкулов Абубакир Туратбаевичтин жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Арынов Эрнис Примбердиевичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 13 округдук шайлоо комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктарын токтотту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-марттагы жыйынында 2025-жылдын 1-октябрындагы №90 токтому менен бекитилген № 13 округдук шайлоо комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 15 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 196 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө” токтому менен № 13 көп мандаттуу округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү жокко чыгарылган.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Куванычбек Конгантиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-мартта өзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Конгантиев Куванычбек Камбаралыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Куванычбек Конгантиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 10-мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 10-марты
Убактысы: 14-00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Конгантиев Куванычбек Камбаралыевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 13 округдук шайлоо комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Панфилов, Ысык-Көл, Талас, Ноокен, Алай жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу
Кымбаттуу айымдар!
Сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!
Табиятынан мээримдүү, ажарлуу жана назик жаралган айымдар адамзат жашоосун кооздоп, дүйнөгө жылуулук тартуулап келет. Аялзаты – турмуштун куту, үй-бүлөнүн жүрөгү, жашоого маңыз тартуулаган улуу күч.
Мээримдүү эне, сүйүктүү жар, боорукер эже-карындаш катары ар дайым биздин кубанычыбызды арттырып, кыйын учурларда дем-күч берип, жашоонун бардык баскычтарында эриш-аркак колдоо көрсөтүп келесиздер.
Сиздердин бар экениңиздер жашообузду жарык кылып, дүйнөбүздү толуктап, жүрөгүбүзгө тынчтык тартуулайт.
Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, жакындарыңыздардын курчоосунда мазмундуу жана бакубат өмүр сүрүңүздөр.
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ынтымак, мол ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайм!
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жалпыңыздарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктайт!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жалпыңыздарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктайт!
Ак калпак — кыргыз элинин ыйык символу, улуттун улуулугун, нарк-насилин жана тарыхый тамырын даңазалаган асыл мурас. Ала-Тоонун ажайып көрүнүшүн элестеткен аппак калпагыбыз терең философияны, тазалыкты жана бийик руханий баалуулуктарды камтып келет. Улуттук кийимдерибиз болсо элибиздин көркөм табитин, кол өнөрчүлүк чеберчилигин жана маданий өзгөчөлүгүн айгинелеп турган баа жеткис казына.
Бул майрам ар бир кыргызстандыктын мекенчилдик сезимин күчөтүп, улуттук аң-сезимди тереңдетип, элибиздин биримдигин даңазаласын.
Элибиз аман, журтубуз тынч болсун! Эгемендүү Кыргызстаныбыздын келечеги кең, мамлекеттүүлүгүбүз бекем, ынтымагыбыз түбөлүктүү болсун!
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 4-мартта, өз жыйынында Араван, Өзгөн, Токтогул, Аксы, Ноокен, Түп, Кара-Балта, Панфилов жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
- Араван районунун Төө-Моюн айылдык кеңешинин депутаты Газиев Данияр Назиралиевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Батиров Зайирбек Тоировичке өткөрүлүп берилди;
- Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Абдукаимова Маргубахон Махаматкабыловнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ураимова Гульнара Махмуджановнага (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Райымбеков Улан Кимсановичтин (“Энергетик” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Белеков Барман Самидиновичке (“Энергетик” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Аксы районунун Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Дөөлөтбекова Чолпон Султанбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургуналиев Али Тургуналиевичке өткөрүлүп берилди;
- Ноокен районунун Э. Алиев айылдык кеңешинин депутаты Карабекова Айгүл Асановнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
- Түп районунун Балбай айылдык кеңешинин депутаты Сейдакматов Саламат Маратовичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Букуева Розага өткөрүлүп берилди;
- Түп районунун Балбай айылдык кеңешинин депутаты Асанбеков Аскер Кадыровичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жанузаков Бактияр Кеңешпековичке өткөрүлүп берилди;
- Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Шаршенов Бекжан Сталбековичтин (“Эл биримдиги” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Айдакеев Адилет Эсенгеловичке (“Эл биримдиги” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Исаева Алина Романовнанын (“Ишеним” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мамбеталиева Салтанат Турдушевнага (“Ишеним” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Наркулова Зарема Эркинбековнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Турдугожоева Залина Апсеитовнага (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Джунушбаев Талантбек Ормонбековичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Атабаев Нурмухамед Адилбековичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Садыков Самарбек Турдуевичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Каримбердиев Исабек Муйитдиновичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Нарын районунун Э. Дайракунов айылдык кеңешинин депутаты Дүйшөбаев Нурбек Жусуповичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сүйүнбаев Жолдубай Ускеновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 4-мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 4-марты
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Араван, Өзгөн, Токтогул, Аксы, Ноокен, Түп, Кара-Балта, Панфилов жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
16.09.2026
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү
09.09.2026
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09.09.2026
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди