Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
«КРнын Президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды
Бүгүн, 16-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, кабыл алышты.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Тургунбек уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Жайлообай Нышанов.
Мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырып, депутаттардан түшкөн сунуштарга токтолду.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ага ылайык жашыруун добуш берүүдө жалпыга бирдей жана тике шайлоо укугунун негизинде мамлекеттин жогорку өкүлчүлүктүү органы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин түзүүнүн жаңы механизми каралууда.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев аралыктан добуш берүүнү киргизүү менен байланышкан тобокелдиктерге көңүл бурду. Депутат Эльдар Абакиров «аялдардын квотасы» деген сөздөрдү «бир жыныстагы адамдардын квотасы» деген сөздөргө алмаштырууну сунуштаса, эл өкүлү Бактыбек Чойбеков шайлоо округдарынын чектерин аныктоо маселесине токтолду.
Андан тышкары, депутат Талант Мамытов шайлоолордун таза өтүшү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү шарттар түзүлүшү керектигин эске салды. Ал эми эл өкүлү Илимбек Кубанычбеков сунушталып жаткан 300 миң сомдук шайлоо күрөөсү өзүн өзү көрсөткөн жаш талапкерлер үчүн өтө оор жүк болорун айтып, бул алардын шайлоого катышуусун чектеши мүмкүн деген пикирин билдирди.
Өз кезегинде депутат Камила Талиева талапкерлер үчүн муниципалдык же мамлекеттик кызматта кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасы болууга тийиш деген норманы мыйзамга кошууну сунуштады.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин Комитети Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорду жактырды
2025-жылдын 15-апрелинде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун үч окууда карап, жактырды.
Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат берди.
Мыйзам долбоору конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоонун мөөнөттөрүн тактоо максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары, конституциялык мыйзамдын 50-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн президенттик шайлоого катышууга талапкердин жаш курагына байланыштуу ченемине ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
Кененирээк билүү >>
Тармактык комитет «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырды.
Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Нурланбек Тургунбек уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Толонов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Жайлообай Нышанов демилгелеген.
Мыйзам долбоору боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди. Ал белгилегендей, мыйзам долбооруна карата 38 депутаттан 129 сунуш түштү.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ага ылайык жашыруун добуш берүүдө жалпыга бирдей жана тике шайлоо укугунун негизинде мамлекеттин жогорку өкүлчүлүктүү органы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин түзүүнүн жаңы механизми каралууда.
Кененирээк билүү >>
КР БШК шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү
Бүгүн, 2025-жылдын, 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү.
Төраганын орун басары Нурлан Койчукеев баштаган БШКнын кызматкерлери Чоң Чүй каналынын (БЧК) боюндагы Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки (түштүк тарабы) белгиленген тилкеде ишембилик өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, ал аймак катуу таштандылардан, кургак бутактардан, желим идиштерден жана башка калдыктардан тазаланды. Ишембиликке БШКнын 24 кызматкери катышты.
Мындай иш-чараларды өткөрүү борбор калаадагы санитардык абалды жакшыртууга жана айлана-чөйрөгө камкордук мамиле түзүүгө өбөлгө түзөт.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарында 2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик иш-чарасы өтүүдө.
Кененирээк билүү >>
КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 10-апрелинде өткөн жыйынында Тоң, Кемин, Чүй, Аламүдүн жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу чечимдерин бекитти.
Төмөнкү депутаттардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, алардын мандаттары башка талапкерлерге өткөрүлүп берилди:
Ысык-Көл облусу, Тоң району
Болот Мамбетов айылдык кеңешинен Карымшаков Санжар Көкөевичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Жээнбеков Эркинбек Жээнбековичке өткөрүлүп берилди.
Чүй облусу, Кемин району
Кичи-Кемин айылдык кеңешинен Карбозов Данияр Эриковичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Кожогулов Бакыт Жолдошбековичке өткөрүлүп берилди.
Чүй району
Биримдик айылдык кеңешинен Моңолов Самар Абдысатаровичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Асаналиев Саламат Басылбековичке өткөрүлүп берилди.
Аламүдүн району
Арашан айылдык кеңешинен Курманбаев Алмазбек Болотбековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Кыдыров Медер Аккановичке өткөрүлүп берилди.
Баткен облусу, Баткен району
Ак-Татыр айылдык кеңешинен Ашимова Манзура Мамасалиевнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Мамытов Асылбек Нийматиллаевичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 10 апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 10-апрели
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Тоң, Кемин, Чүй, Аламүдүн жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
2. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” жобонун долбоорун бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Шерипбаев Б.А. коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу).
Кененирээк билүү >>
БШКда төрага Тынчтык Шайназаровдун УАБЖК жана ЕККУ/ДИАУБ өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү
КР БШКда төрага Тынчтык Шайназаровдун Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын саясий кеңешчиси Петер Надерер, ошондой эле ЕККУнун Демократиялык Институттар жана Адам Укуктар боюнча Бюросунун кеңешчилери Елена Ковалева жана Каха Инаишвили менен болгон жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жана мындан аркы кызматташтыкты талкуулоо болуп, шайлоо системасын жакшыртуу жана жарандардын шайлоого болгон ишенимин арттыруу боюнча негизги маселелер каралды.
Тынчтык Шайназаров эффективдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык Мыйзамдын долбоору боюнча сунуштарды берүүдөгү жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
ЕККУ өкүлдөрү жолугушуунун уюштурулушуна, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишинин ачык-айкындуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө, бардык маселелерди эч кандай тоскоолдуксуз талкуулоого даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар ошондой эле БШКнын жаштарды шайлоо процессине тартуу боюнча маалыматтык-түшүндүрмө иштеринде биргелешип иштөөгө даярдыгын белгилешти. ЕККУ өкүлдөрү жолугушуу жакшы маанайда өткөнүн баса белгилеп, мындан аркы кызматташууга ар тараптуу даяр экендиктерин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңейтилген жыйыны болуп өттү
2025-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдарын өзгөртүү боюнча конституциялык Мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн Ведемстволор арылык жумушчу топтун (ВАЖТ) кеңейтилген жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдар, жарандык коомдук уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Жыйынды Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы Тынчтык Шайназаров ачып, андан соң Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык офисинин адам ченеми боюнча Департаментинин башчысы Кристофер Блэр сөз сүйлөдү.
Жыйынында негизги маселе катары «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору талкууланды. Иш-чаранын алкагында баяндамалар жана сунуштар айтылды.
Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорунун негизги демилгечилеринин бири, Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов Мыйзам долбоорунун айланасында биринчи болуп баяндама жасады. Андан соң Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын башчысы, Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү Махабат Кожокеева Борбордук шайлоо комиссиясынын сунуштарын, ВАЖТ алкагында иштелип чыккан долбоор боюнча тааныштырды.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттарды шайлоо системасы, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо, үгүт иштерин жүргүзүү, бош мандатты толтуруу, үгүтчүлөрдүн саны, шайлоо күрөөсү, жыйынтыктарды аныктоо, гендердик квота, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана башка маселелер талкууланды.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынында эл аралык эксперттердин сунуштары жана талдоолору да каралды. ЕККУ/ДИАУБ шайлоо Департаментинин кеңешчилери Елена Ковалева жана Каха Инайшвили, ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары Питер Надерер шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү долбоору боюнча өз сунуштарын беришти.
Негизги баяндамалардан кийин ачык талкуу жүрүп, катышуучулар өз сунуштарын, сын-пикирлерин айтышты. Жумушчу топтун мүчөлөрү суроо-жоопторду угуп, жыйынтыгында, жыйында айтылган сунуш-пикирлерди конституциялык Мыйзам долбооруна киргизүүнү сунушташты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү
Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыкка катышты.
Аппараттын кызматкерлери, төраганын орун басары Айдана Жупуева, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Гүлшаркан Култаева, Кайрат Маматов жана аппарат жетекчиси Төлөгөн Айтикеев баштаган аппараттын кызматкерлери эки топко бөлүнүп иш алып барышты.
Биринчи топ КР БШКнын имаратынын алдына 20дан ашык ак кайың көчөтүн отургузушту. Экинчи топ Чүй каналынын (ЧЧК) түштүк жагында, Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейин бекитилген аймакта тазалоо иштерин жүргүзүштү. Иштин жүрүшүндө аймакта катуу үй тиричилик таштандысы, кургак бутактар, пластик таштандылар жана башка түрдөгү калдыктар тазаланды.
Ишембиликке БШКнын 32 кызматкери катышты. Мындай иш-чараларды өткөрүү борбор калаанын санитардык абалын жакшыртууга, табиятка кам көрүү маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин Бишкекте эки айлык санитардык тазалык жана жашылдандыруу иштери өтүүдө.
Кененирээк билүү >>
Парламенттик угуунун катышуучулары «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоорун талкуулашты
Бүгүн, 2025-жылдын 4-апрелинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Нурланбек Тургунбек уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Джайлообай Нышанов.
Мыйзам долбоору көп мандаттуу шайлоо системасын киргизүүнү карайт, анын алкагында 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт. Ар бир округдан Жогорку Кеңештин үч депутаты шайланат (гендердик квота сакталат). Саясий партиялар ар бир округдан бир талапкер көрсөтүүгө укуктуу болушат.
Борбордук шайлоо комиссиясы бир катар сунуштарды киргизүү менен конституциялык мыйзам долбоорун колдойт.
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, шайлоонун уюштурулушун оптималдаштыруу жана чыгымдарды азайтуу үчүн техникалык өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 2-апрелиндеги жыйынында жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек, Түп, Жумгал, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилип, кээ бир мандаттар талапкерлердин жоктугунан кийинки шайлоого чейин бош калтырылды:
Лейлек району:
Тогуз-Булак айылдык кеңешинен Файзуллаева Раат Шайдуллаевнанын жана Кааров Эрболот Ысмайыловичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат талапкерлердин жоктугунан кийинки шайлоого чейин бош калды.
Түп району:
Балбай айылдык айылдык кеңешинен Раева Айгүл Руслановнанын жана
Дамир кызы Гулмиранын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат талапкерлердин жоктугунан кийинки шайлоого чейин бош калды.
Карасаев айылдык кеңешинен Искаков Нурбек Бегалиевичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Бердикожоева Жазгул Сакуевнага өткөрүлүп берилди.
Балбай айылдык кеңешинен Садабаева Эркенгүл Жолдошбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Текебаев Нурлан Нургожоевичке өткөрүлүп берилди.
Жумгал району:
Байзак айылдык кеңешинен Сатыбалдиева Гүлайда Болотбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Абдыкеев Адилет Асановичке өткөрүлүп берилди.
Панфилов району:
Кайыңды шаардык кеңешинен Байгучуков Манас Балбаковичтин (“Эл Биримдиги” саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Абдрахманов Улукбек Медетбековичке (“Эл Биримдиги” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 2 апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2 апрель 2025 ж
Убактысы: 14.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек, Түп, Жумгал жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – М.Д Кожокеева. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы).
2. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштер жөнүндө” чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" БШКнын чечиминин долбоору.
(баяндамачы –З.К. Айтиев Төрагынын кеңешчиси.)
Кененирээк билүү >>
КР БШКда кадрдык өзгөрүүлөр болду
Айтикеев Төлөгөн Ороскулович Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси кызмат ордуна дайындалды. Мурда ал КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган.
Тийиштүү буйрукка КР БШКнын Төрагасы Тынчтык Шайназаров тарабынан кол коюлду.
Айтикеев Төлөгөн Ороскулович
Өмүр баяны
Туулган күнү: 1963-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад оюлусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган.
Билими: 1985-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институнун чет тилдер факультетин, «англис тили» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
• 15.08.1985 – 11.08.1986 — Кичи-Ак-Жол орто мектебинде мугалим
• 11.08.1986 – 21.06.1987 — Райкамал орто мектебинде мугалим
• 27.06.1987 – 15.04.1996 — Ак-Жол айылдык кенешинин катчысы
• 06.05.1996 – 07.08.1999 — Таш-Көмүр шаарынын айлана чөйрөнү коргоо инспекциясынын инспектору
• 23.08.1999 – 07.02.2000 — Токтогул атындагы №4 гимназияда мугалим
• 10.02.2000 – 11.11.2002 —Таш-Көмүр технологиялык факультетинде окуу иштери боюнча инспектор, методист,
• 01.03.2001 – 09.09.2002 — Таш-Көмүр технологиялык факультетинин методисти, / ОКП
• 05.11.2002 – 31.10.2012 — Таш-Көмүр шаардык кеңешинин жооптуу катчысы
• 11.10.2012 – 31.12.2012 — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн убактылуу тартылган адиси
• 01.03.2013 – 17.01.2019 —Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн эксперти
• 17.01.2019 – 12.05.2021 — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы
• 12.05.2021 – 01.04.2025 — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Борбордук аппаратынын, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы
Сыйлыктары жана ийгиликтери:
• 2006 жылы — "Муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси" наамы ыйгарылган.
• 2008 жылы — "Муниципалдык кызматтын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.
• 2017 жылы — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
• 2018 жылы — "Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси" наамы ыйгарылган.
• 2022 жылы — "Мамлекеттик кызматтын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.
• Бир катар ведомстволук сыйлыктары бар.
Кененирээк билүү >>
БШК участкалык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча онлайн жыйын өткөрдү
2025-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуеванын жана борбордук аппараттын кызматкерлеринин катышуусунда онлайн жыйын болуп өттү. Онлайн жолугушууга атайын өкүлдөр, системалык администраторлор, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.
2025-жылдын 25-мартында участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди сунуштоо мөөнөтү аяктаган.
Онлайн жыйында шайлоо мыйзамдарынын бир нече маселелери талкууланды. Төраганын орун басары участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү төмөнкүлөр боло албастыгын эскертти:
• Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
• мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
• сот, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматкерлери;
• талапкер, талапкердин өкүлү жана саясий партиянын өкүлү;
• башка мамлекеттин жараны болгон адам;
• жазасы жокко чыгарылбаган же мыйзам боюнча жокко чыгарылбаган адам;
• башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
• шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн ырааттуу түрдө кызматтан бошотулган адамдары.
Онлайн жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү тапшырмалар берилди:
Системалык администраторлорго: 2025-жылдын 8-апрелине чейин участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн соттуулугунун бар-жоктугун текшерүүнү бүтүрүү, ал «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумун колдонуу менен жүргүзүлөт.
Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларына: 2025-жылдын 8-апрелине чейин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн терс негиздер боюнча текшерип бүтүрүүсү керек.
Маалымат катары: «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү жөнүндө» Жобонун 2-бөлүгүнүн 13-пунктунун негизинде, 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген: Терс негиз деп төмөнкүлөр саналат:
•шайлоо мыйзамдарын бузуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган бузуулар;
• жүктөлгөн милдеттерди аткарбоо жана (же) талаптагыдай аткарбоо;
• шайлоо комиссияларынын ишинин принциптерин бузуу;
• жалпы кабыл алынган моралдык жана этикалык нормаларды бузуу.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.А.Айжигитовдун каттоосун жокко чыгарды
КР БШК 2025-жылдын 28-мартындагы жыйынында партиялык тизме менен “Ыйман Нуру” саясий партиясынан шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айжигитов Султанбай Абдрашитовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
2025-жылдын 27-мартында Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинен Жогорку Кеңештин депутаты – Айжигитова Султанбай Абдырашитович тууралуу маалымат келип түшкөн.
УКМКнын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 14-февралында Сокулук райондук сотунун өкүмү менен С.А.Айжигитовго карата КР КЖКнын 234-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айыптоо боюнча кылмыш иши КР КЖКнын 112-беренесинин 1-бөлүгүнө кайра квалификацияланган (ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү), (1997-ж. редакциясына ылайык). С.А. Айжигитов Кыргыз Республикасынын КЖКнын 112-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган.
2021-жылдын 10-июнундагы Чүй облустук соту С.А. Айжигитовго карата Сокулук райондук сотунун 2020-жылдын 14-февралындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.
Талапкер С.А. Айжигитов тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды №4 формада чагылдырылган эмес.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, конституциялык Мыйзамдын 21, 61-беренелеринде белгиленген талаптар бузулганда талапкерди каттоо жокко чыгарылат.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте талапкерди, талапкерлердин тизмесин, демилгелүү топту каттоону жокко чыгарууга укуктуу экени белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин негизинде С.А. Айжигитовдун каттоосу жокко чыгарылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 28 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 28 март 2025 ж
Убактысы: 14.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.А. Айжигитов жөнүндө
(баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
13.11.2026
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
12.11.2026
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12.11.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12.11.2026
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12.11.2026
Клара Сооронкулова Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
12.11.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору