Жогорку Кеңештин Комитети Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорду жактырды

15 апреля 2025

2025-жылдын 15-апрелинде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун үч окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат берди.

Мыйзам долбоору конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоонун мөөнөттөрүн тактоо максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары, конституциялык мыйзамдын 50-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн президенттик шайлоого катышууга талапкердин жаш курагына байланыштуу ченемине ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.