КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
02 апреля 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 2-апрелиндеги жыйынында жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек, Түп, Жумгал, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилип, кээ бир мандаттар талапкерлердин жоктугунан кийинки шайлоого чейин бош калтырылды:
Лейлек району:
Тогуз-Булак айылдык кеңешинен Файзуллаева Раат Шайдуллаевнанын жана Кааров Эрболот Ысмайыловичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат талапкерлердин жоктугунан кийинки шайлоого чейин бош калды.
Түп району:
Балбай айылдык айылдык кеңешинен Раева Айгүл Руслановнанын жана
Дамир кызы Гулмиранын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат талапкерлердин жоктугунан кийинки шайлоого чейин бош калды.
Карасаев айылдык кеңешинен Искаков Нурбек Бегалиевичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Бердикожоева Жазгул Сакуевнага өткөрүлүп берилди.
Балбай айылдык кеңешинен Садабаева Эркенгүл Жолдошбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Текебаев Нурлан Нургожоевичке өткөрүлүп берилди.
Жумгал району:
Байзак айылдык кеңешинен Сатыбалдиева Гүлайда Болотбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Абдыкеев Адилет Асановичке өткөрүлүп берилди.
Панфилов району:
Кайыңды шаардык кеңешинен Байгучуков Манас Балбаковичтин (“Эл Биримдиги” саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Абдрахманов Улукбек Медетбековичке (“Эл Биримдиги” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.