КР БШК шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү

12 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын, 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү.

Төраганын орун басары Нурлан Койчукеев баштаган БШКнын кызматкерлери Чоң Чүй каналынын (БЧК) боюндагы Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки (түштүк тарабы) белгиленген тилкеде ишембилик өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, ал аймак катуу таштандылардан, кургак бутактардан, желим идиштерден жана башка калдыктардан тазаланды. Ишембиликке БШКнын 24 кызматкери катышты.

Мындай иш-чараларды өткөрүү борбор калаадагы санитардык абалды жакшыртууга жана айлана-чөйрөгө камкордук мамиле түзүүгө өбөлгө түзөт.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарында 2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик иш-чарасы өтүүдө.