Тармактык комитет «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды
15 апреля 2025
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырды.
Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Нурланбек Тургунбек уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Толонов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Жайлообай Нышанов демилгелеген.
Мыйзам долбоору боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди. Ал белгилегендей, мыйзам долбооруна карата 38 депутаттан 129 сунуш түштү.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ага ылайык жашыруун добуш берүүдө жалпыга бирдей жана тике шайлоо укугунун негизинде мамлекеттин жогорку өкүлчүлүктүү органы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин түзүүнүн жаңы механизми каралууда.