Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК менен PeaceNexus Фонду “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу алкагында кызматташууну талкуулады
Кыргыз Республикасы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен PeaceNexus Фондунун аймактык директору Чынара Эсенгулдун жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруунун алкагында кызматташуу маселелерин, учурдагы натыйжаларды жана өнөктөштүктүн келечектеги пландарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл - жарандык иденттүүлүк менен активдүүлүктү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө, ошондой эле калктын укуктук маданиятын жогорулатууга бурулду.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы, Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана PeaceNexus фонду ортосундагы кызматташтык Кыргызстан элдеринин бай мурасына негизделген жалпы жарандык баалуулуктарды, адам укуктарын жана эркиндигин сыйлоо жана заманбап демократиялык принциптерди жайылтууга жана алга жылдырууга багытталган.
Тараптар мындан аркы кызматташуу коомдогу жарандык жоопкерчиликтин жана укуктук маданияттын деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болоруна ишенимдерин билдиришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 26-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Баткен шаардык, Бишкек жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:
Баткен шаардык кеңешинен Абдыкаар уулу Уланбектин («Ыйман Нуру» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Таштанов Данияр Иркиновичке («Ыйман Нуру» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Баткен шаардык кеңешинен Малик кызы Гулнурдун («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Саматова Абиба Абдиламитовнага («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Баткен шаардык кеңешинен Сулайманбек уулу Акжолдун («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Алишеров Кенжебай Сабировичке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Баткен шаардык кеңешинен Дүйшөева Уулкан Азизбаевнанын («Ынтымак» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Жороева Каныгүл Саматовнага («Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Бишкек шаардык кеңешинен Мусагул уулу Амантурдун («Эмгек» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Майрамбек уулу Сыргакка («Эмгек» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Бишкек шаардык кеңешинен Жумалиев Чынгыз Зайнидиновичтин («Жаңы күч – Новая сила» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Улугбеков Алмазбек Улугбековичке («Жаңы күч – Новая сила» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Алай районунун, Курманжан Датка айылдык кеңешинен Сарыбаева Гулумкан Маликовнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Абдиева Айнагүл Ашимбековнага өткөрүлүп берилди.Алай районунун, Памир-Алай айылдык кеңешинен Турдубеков Мурзабай Жеенековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Косонова Гүлзина Турганбаевнага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 26 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 26 март 2025 ж
Убактысы: 16.45
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Баткен шаардык, Бишкек жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – Айтикеев Т.О. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
КР БШКга жаңы мүчө болуп Бахадыр Конуров дайындалды
Бүгүн, 24-мартта, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров КР БШКга жаңы мүчө Конуров Бахадыр Аруновичти тааныштырды.
Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Конуров Бахадыр Аруновичтин талапкерлигин карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө бекитишкен. Бахадыр Конуровдун талапкерлиги “Ишеним” парламенттик фракциясы тарабынан сунушталып, жалпы 72 депутат анын талапкерлигин колдогон.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 24-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Сокулук, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:
Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңешинен Эрмекбаева Майрам Сасыкуловнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Кубаныч кызы Нурзадага өткөрүлүлүп берилди.
Ноокат районунун Кара-Таш айылдык кеңешинен Камчыбек уулу Нурсултандын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Сактанов Майрамбек Чиркешбаевичке өткөрүлүлүп берилди.
Ноокат районунун Кара-Таш айылдык кеңешинен Бекиев Раимжан Убайдиллаевичтин ыйгарым укуктары токтотулду.
Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңешинен Кубанычбеков Тунгуч Азаматовичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Байсеитова Гулмира Медетбековнага өткөрүлүлүп берилди.
Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңешинен Ракимбаев Абай Кенешбекович катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.
Жайыл районунун Сары-Коо айылдык кеңешинен Мусаева Элмира Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Дуйшенбаев Изатбек Курманкуловичке өткөрүлүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК «Бүтүн Кыргызстан» cаясий партиясынан С.Т.Берикбаевди КР ЖКнын депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды
КР БШК 2025-жылдын 24-мартындагы отурумунда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Берикбаев Санжарбек Турдукуловичтен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызынын негизинде,
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин,
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
КР БШК Берикбаев Санжарбек Турдукуловичти «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө токтом кылды.
КР БШК 2021-жылдын 22-октябрындагы
«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө» №710 чечиминде талапкер Берикбаев Санжарбек Турдукуловичтин каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 24 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 24 март 2025 ж
Убактысы: 17.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. «Бүтүн Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен
Берикбаев Санжарбек Турдукуловичти чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Баткен шаардык, Кара-Суу, Сокулук, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
3. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштер жөнүндө” чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" БШКнын чечиминин долбоору.
(баяндамачы – Айтиев З.К. Төрагынын кенешчиси.)
Кененирээк билүү >>
Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу коноктор!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди Улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайт!
Бүгүн кыргыз эли жыл жаңырган, күн менен түн тогошкон, жер жарылып көк чыккан маалда, ырыс - береке төккөн Нооруз майрамын өзгөчө сезим менен тосуп атат.
Нооруз майрамы – жаратылышка жан кирип, айланабыз көрккө бөлөнүп, жаңы жашоо демин берген куттуу майрам.
Ушул кубанычтуу майрам күнү - элибизде эсенчилик, жергебизде тынчтык, ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин жана бир туугандыктын сезими согуп туруусун тилек кылабыз.
Баарыңыздардын үйүңүздөргө береке толуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, мамлекетибизде экономикалык өсүп-өнүгүүнүн, ар тараптуу жетишкендиктердин жылы болушун каалайбыз.
Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун!
КР БШКнын жалпы жамааты
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар жарандардын жана шайлоочулардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун биргелешкен жыйыны өттү
2025-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун биргелешкен жыйыны өттү. Жыйынга КР БШКнын мүчөсү, жумушчу топтун төрайымы Акбалык Жумалиева, бир нече мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жумушчу топтун мүчөлөрү катышты. Жыйында шайлоо мыйзамдары жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча негизги маселелер каралды.
Жыйында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору, ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынын айрым шайлоочулар категориясынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча сунуштары, ошондой эле жумушчу топтун иш планын карашты.
Негизги көңүл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо механизмине өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарга, шайлоо системасынын инклюзивдүүлүгүнө, майыптыгы бар талапкерлердин квотасына болуучу өзгөртүүлөргө, ошондой эле майыптыгы бар жана түзөтүү мекемелеринде жаткан адамдардын шайлоо укуктарын кеңейтүүгө бурулду.
Кыргызстан - жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча активдүү иштердин натыйжасында, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча олуттуу ийгиликтерге жетти.
Эл аралык уюмдар, анын ичинде ЕККУ/ДИАУБ жана БУУ майыптыгы бар жарандардын шайлоого катышуу укуктарын камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чараларды жогору баалашты. Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, жергиликтүү кеңештерге талапкерлер үчүн майыптыгы бар жарандардын үчүн квоталарды киргизүү жана Жогорку Кеңештин шайлоосунда мындай талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү сыяктуу кадамдар бул багыттагы маанилүү кадамдар болуп саналат.
Жумушчу топ алдыдагы боло турган шайлоолорду эске алып, шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, атайын категориядагы шайлоочулардын маалымдуулугун жогорулатуу, добуш берүү механизмдерин жакшыртуу жана аларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууну күчөтүүнү сунуштады.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 17-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Конуров Бахадыр Аруновичти чыгарып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жайнакова Болдубүбү Жунушовнаны резервден комиссиянын курамына киргизди.
Ошондой эле Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан «Эмгек» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эргашев Абдуфаттох чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Пахердинов Медетбек Ахуновичти резервден комиссиянын курамына киргизди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 17-мартындагы отурумунда
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кемин, Майлуу-Суу, Ноокен, Тоң жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:
Кемин шаардык кеңешинен («Адилет» депутаттык фракциясы) Садыбакасов Эрнис Кадырбековичтин ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Джакыпбек уулу Азаматка («Адилет» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Майлуу-Суу шаардык кеңешинен Нурматов Кыязбек Камиловичтин («Эл Биримдиги» депутаттык фракциясы) ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Арапов Нурлан Маматураимовичке («Эл Биримдиги» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинен Абдимуратов Адилет Абдимуратовичтин («Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Орозматов Садирбек Кадыржановичке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинен Тагаев Алманбет Анарбаевичтин («Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Макаев Азизбек Абдрасуловичке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Ак-Терек айылдык кеңшинен Алымкул уулу Ноорузбекке мандат берилди.
Кызыл –Суу айылдык кеңшинен Нурбек уулу Алишердин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Иманалиев Канат Тойчубековичке өткөрүлүп берилди.
Жети-Өгүз йылдык кеңешинен Осмонканова Назгүл Бексултановнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Юсупов Ринат Харсановичке өткөрүлүп берилди.
Жети-Өгүз айылдык кеңешинен Байдулетов Атай Талантбековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Базаркул уулу Рустамга өткөрүлүп берилди.
Барскоон айылдык кеңешинен Ыдырысова Анара Кудайбергеновнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Рахманова Рита Жыргалбековнага өткөрүлүп берилди.
Барскоон айылдык кеңешинен Тойматова Мөөр Карыбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Есембаева Гүлмира Сүйербековнага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 17 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 17 март 2025 ж
Убактысы: 17.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кемин, Майлуу-Суу, Ноокен, Тоң жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
2. Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
(баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
КР БШК шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү
Бүгүн, 2025-жылдын, 15-мартында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү.
Төрага Тынчтык Шайназаров баштаган БШКнын кызматкерлери Чоң Чүй каналынын (БЧК) боюндагы Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки (түштүк тарабы) белгиленген тилкеде ишембилик өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, ал аймак катуу таштандылардан, кургак бутактардан, желим идиштерден жана башка калдыктардан тазаланды. Ишембиликке БШКнын 53 кызматкери катышты.
Мындай иш-чараларды өткөрүү борбор калаадагы санитардык абалды жакшыртууга жана айлана-чөйрөгө камкордук мамиле түзүүгө өбөлгө түзөт.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарында 2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик иш-чарасы өтүүдө.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы ЕККУнун Программалык офисинин башчысы менен жолугушту
2025-жылдын 14-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Элчи, ЕККУнун Программалык офисинин башчысы Алексей Рогов жана ЕККУнун Программалык офисинин адам ченеми боюнча департаментинин башчысы Кристофер Блэр менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда тараптар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты, анын ичинде жарандык билим берүү чөйрөсүндө маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, шайлоо укугу боюнча укук коргоо органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн күчөтүү, майыптыгы бар адамдардын жана жаштардын өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна катышуусун кеңейтүү, ошондой эле гендердик теңдик маселелери боюнча пикир алышты.
Төрага Тынчтык Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясы жарандык билим берүү багытында иштер жүргүзүлөөрүн жана бул жаш шайлоочуларга өз укуктарын жакшыраак түшүнүүгө жана шайлоого активдүү катышууга жардам берерин белгиледи. Ал ошондой эле майыптар үчүн ыңгайлуу добуш берүү шарттарын түзүү, шайлоо участкаларын адаптациялоо жана укуктук механизмдерди жакшыртуу маанилүү экенин айтты.
Өз кезегинде Алексей Рогов Бишкектеги ЕККУнун Программалык офиси Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын инклюзивдүү демилгелерин ишке ашырууну колдоого даяр экенин жана эл аралык стандарттарды киргизүүгө жардам көрсөтүүгө ниеттенгенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда, тараптар өз ара кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров БУУнун жана БУУӨПнын өкүлдөрү менен жолугушту
2025-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында, КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве жана БУУӨПнын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө, шайлоонун инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу, калк арасында укуктук маданиятты жогорулатуу, жаштардын шайлоо процесстерине катышуусун арттыруу жана алардын шайлоого активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүү зарылдыгын белгилешти.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын «Жаштар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, жаштардын курагы 35 жашка чейин узартылган. Эми өлкө боюнча шайлоочулардын тизмесиндеги жаштардын үлүшү (18 жаштан 35 жашка чейин) 43,57% түзүп, бул 1 735 417 адамды түзөт.
Өнөктөштүктүн алкагында, БШК жана БУУнун Кыргызстандагы агенттиктеринин биргелешкен аракеттери шайлоо процесси жана жарандык жоопкерчиликтин маанилүүлүгү боюнча кызыгууну жаратуучу жеткиликтүү жана түшүнүктүү чөйрөнү түзүүгө багытталат.
Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстандагы демократиялык процесстерди күчөтүү максатында келечектеги кызматташтыкты улантууга келишишти.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымдайт
Аймактык шайлоо комиссиялары өз аймактарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү максатында жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну жарыялайт.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө, экиден бири саясый партиялардын өкүлдөрүнөн жана экиден бири жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт.
Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүчү субъекттер саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) болуп саналат.
“Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- сот, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди кѳрсѳтүү алардын уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына 2025-жылдын 25-мартынын саат 18:00гө чейин тапшырышат.
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине киргизүү үчүн жарандар, эмгек жамааттары, коомдук бирикмелер тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерди 2025-жылдын 25-мартынын саат 18.00гө чейин тапшырышы зарыл. Жергиликтүү кеңештер, участкалык шайлоо комиссиялардын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин документтери келип түшкөндөн кийин, тактап толуктап үч күндүк мөөнөттө жергиликтүү кеңештин сессияларын өткөрүп, сессиянын чечими менен талапкерлердин документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүп берет.
Аймактык шайлоо комиссияга тапшырылычуу документтердин тизмеги:
- участкалык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;
- жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы;
- паспорттун көчүрмөсү;
- жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы
- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);
- көрсөткөн субъектинин протоколу.
Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.
Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын төрагаларынын, катчыларынын байланыш маалыматтары телефондук номерлери тиркемеде көрсөтүлгөн
Зарыл документтердин үлгүлөрү тиркемеде: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протоколу, жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
13.11.2026
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
12.11.2026
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12.11.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12.11.2026
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12.11.2026
Клара Сооронкулова Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
12.11.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору