КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.А.Айжигитовдун каттоосун жокко чыгарды
28 марта 2025
КР БШК 2025-жылдын 28-мартындагы жыйынында партиялык тизме менен “Ыйман Нуру” саясий партиясынан шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айжигитов Султанбай Абдрашитовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
2025-жылдын 27-мартында Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинен Жогорку Кеңештин депутаты – Айжигитова Султанбай Абдырашитович тууралуу маалымат келип түшкөн.
УКМКнын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 14-февралында Сокулук райондук сотунун өкүмү менен С.А.Айжигитовго карата КР КЖКнын 234-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айыптоо боюнча кылмыш иши КР КЖКнын 112-беренесинин 1-бөлүгүнө кайра квалификацияланган (ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү), (1997-ж. редакциясына ылайык). С.А. Айжигитов Кыргыз Республикасынын КЖКнын 112-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган.
2021-жылдын 10-июнундагы Чүй облустук соту С.А. Айжигитовго карата Сокулук райондук сотунун 2020-жылдын 14-февралындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.
Талапкер С.А. Айжигитов тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды №4 формада чагылдырылган эмес.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, конституциялык Мыйзамдын 21, 61-беренелеринде белгиленген талаптар бузулганда талапкерди каттоо жокко чыгарылат.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте талапкерди, талапкерлердин тизмесин, демилгелүү топту каттоону жокко чыгарууга укуктуу экени белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин негизинде С.А. Айжигитовдун каттоосу жокко чыгарылды.